Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дастан Бекешов, ЖК депутаты: “Чиновниктердин байлыгы – коррупция. Аны көзөмөлдөгөн орган жок”

Дастан Бекешов, ЖК депутаты: “Чиновниктердин байлыгы – коррупция. Аны көзөмөлдөгөн орган жок”

30-январь, 09:00
387 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Дастан Далабаевич, аткаминерлердин коррупциялык жүрүм-турумун көзөмөлдөө зарылдыгын айттыңыз. Бул үчүн декларациялоо деген механизм бар эмеспи?

-- Муну сөзсүз караш керек. Чындыгында чиновниктер кымбат сааттарды тагынып, баалуу кийимдерди кийип, жолтандабастарды минип жүрүшөт. Декларациясын карасаң, андай кирешеси, чыгашасы да жок. “Бул меники эмес” деп коюшат. Бирөө бирөөгө өз буюмун жөн эле берип койбойт да. Мисалы, мага эң жакын досторум деле кымбат машинасын жөн эле бербейт. Берсе дагы, “мейли, көлгө барып кел, тоого чыгып кел” деп бир-эки күнгө гана бериши мүмкүн. Ал эми күн сайын айдаганга эч ким бербейт. Ошондуктан, мен ойлойм, бул – коррупция. Тилекке каршы, аны көзөмөлдөгөн орган жок. Бирок, андай орган түзүлүп калса, анын терс жагы да бар. Чоң кишилерге тийишпейт, ал эми кичинекей кишилерди баса калышы мүмкүн. 

-- Чиновник, мисалы, депутат “менин буга чейин бизнесим бар эле, байлыкты ошол кезде жыйнагам” десечи?

-- Декларациясында көрсөтсө, мейли. Бизнесин көрсөтүшү керек да. Депутаттардын арасында көп эле долларлык миллионерлер жүрбөйбү. Бирок, алардын акчаны кайдан тапканы белгилүү. Ошол эле учурда кээ бир депутаттар бар, алардын анчалык деле чоң бизнеси жок, бирок жашаган жерин, минген машинасын, кийген кийимин карасаң таңгаласың. Кеп мына ошолор тууралуу болуп жатат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер