Акыркы кабарлар
» Саясат » Чүй ОИИБ башчысы Д.Исаков казактардын астында шылкыйтабы?..
Чүй ОИИБ башчысы Д.Исаков казактардын астында шылкыйтабы?..
01-сентябрь, 19:30
494 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ички иштер министри Улан Ниязбеков 24-августта казакстандык кесиптеши Марат Ахметжанов менен Чолпон-Атада кезигишип, эки тараптуу келишимдерге жетише алды. Жоон топ жетекчилер катышты. Келечекке карай пайдалуу иштин башаты катары бааласак болот. Алыскы жана жакынкы өлкөлөр менен КР ИИМ башчысы мурда тарыхта болбогон иш-чараларды өткөрүүдө. Бул боюнча өзүнчө дагы токтолобуз.
Азырынча олуттуу жагдайдан кантип аттап өтөбүз? Маселен, Чүй облусу Жамбыл, Алматы менен чектешет. Эң башкы стратегиялык аймак. Алака-катыш, соода жүгүртүү жана эки өлкөдөн кирип-чыгуу да негизинен Сары Өзөн аркылуу өтөт эмеспи. Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, өз ара көйгөйлүү байланыштарды эске алганда, Чүй ОИИБ начальниги Дамирбек Исаков аталган жыйынга катышыш керек болчу. Эмнеге барган жок? Министрден кийинки эки өлкөнүн байланышына, негизги жумушту алып барууда Дамирбек Исаков жоопкер, өзгөчө фигура катары саналат. Каалайбызбы-каалабайбызбы, ал Алматы шаарынын, Жамбыл облусунун башкы милициялары менен тыгыз кызматташуусу керек. Тилекке каршы, эки тараптуу маанилүү жыйынга Чүй ОИИБ башчысы катыша албады. Оркойгон кемчилиги да. Кедеринен кеткени ушул. Демек, көпкө узабай калды. Бул орунга эми Сары Өзөндүн жүгүн тарта алчу, ИИМге бел боло турган профессионал кадр келиши кажет. Жөндөмсүз Дамирбек Исаковдун айынан өздүк курамга, элибизге уят болгонубуз аз келгенсип, жыйынтыгында, казактардын астында башыбызды шылкыйтабызбы? “Көлдүк авалар колдойт” деп эле болбогон кадрды күчкө салуу менен кармап отура берсек, мамлекеттин кызыкчылыгы тебеленип атпайбы, туурабы?"Азия Ньюс" гезити