Бурмагүл Мырзакулова: “30 мүнөттүн ичинде ачык-айкын, сапаттуу, арзан диагностикадан өтө аласыз”

Бүгүн биз биорезонанстык WEB WELLNESS тестирлөө аппаратынын артыкчылыктары тууралуу сөз кылабыз.
-- Бурмагүл эже, WEB WELLNESS тестирлөө аппараты эмнени текшерет? Ага түшүү канча убакытты талап кылат?
-- WEB WELLNESS тестирлөө аппараты адамдын тулку боюндагы физиологиялык абалын текшерет. Ден соолукту чыңдоого салым кошкон аппарат мите курттар менен натыйжалуу күрөшүүгө, организмди токсиндерден тазалоого жана көптөгөн оорулардын алдын алууга жардам берет.
Жаңы технология менен иштеген немец аппаратына түшүп, 47 органыңыздын абалын билип алсаңыз болот:
-- омуртканын абалын (остеохондроз, грыжа);
-- курттардын, вирустардын, бактериялардын кайсы органда канча пайыз бар экенин;
-- организмиңизге кандай витаминдер жетишпейт экенин;
-- канча энергияныз бар экенин;
-- паспорттогу жаш менен азыркы акыбалыңыздагы жашыңызды көрсөтөт. Тагыраагы, паспорттогу жашыңыз менен азыркы ден соолугуңуздун абалын салыштырасыз.
Эгерде сиз атайын мекемеге барып, ушул пункттардын баарына анализ тапшырсаңыз, бир топ каражат кетет. Бизде болсо сиз 30 мүнөттүн ичинде ачык-айкын, сапаттуу, кыйла арзан диагностикадан өтө аласыз.
WEB WELLNESS аппаратынын артыкчылыгы көп. Кызмат акысы арзан болгону менен бир эле учурда баардык органдарыңыздагы көйгөйлөрдү билип, учурунда дарылансаңыз, өмүрүңүздү узартууга өбөлгө түзөсүз.
Айтмакчы, томографиялык изилдөө бир эле органды өзүнө камтыса, бул аппарат бир маалда 47 органдын баарын дароо изилдей алат. Себеби, адамдын ар бир клеткасы өзүнчө электромагниттик толкун чыгарат. Ошондой эле кишинин ичиндеги вирус, курттар, бактериялар дагы өзүнүн толкунун чыгарышат. Аппарат ал толкундарды кармап алып, организмдин ошол учурдагы жалпы абалын тактап көрсөтүп коёт.
-- Бул аппаратка түшүп, дартын билгендердин баары дарыланабы же кенебей койгондору да болобу?
-- Менин практикамда дартын аныктап, аны дарылатып, сакайгандар да бар. Ошол эле мезгилде аппаратка түшсө да кенебей жүрө берип, биздин адис айткандай, инфаркт же инсульт, артритке чалдыккандары да арбын. Мен дартты эрте аныктатып, дарыланса, адамдар өмүрүн узартса деген ниетте айтып жатам. Ар бир адам өз ден соолугуна өзү жооп берет. Сакайса пайдасын, маани бербесе азабын да көрөт эмеспи. Ошон үчүн жакшы аппараттын пайдасын көргүлө деп элди кабардар кылып жатам.
P.S. Аппаратка түшүүнү кааласаңыз, 0702-16-40-13 номери аркылуу байланышсаңыз болот.
"Азия Ньюс" гезити