Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мирлан ЖЭЭНЧОРОЕВ, “Республика – Ата Журт” фракциясынан ЖК депутаты: “Бабанов чоң бизнесмен, бир күнү Россияда, же Кыргызстанда, кааласа Түркияда жүрө берет”

Мирлан ЖЭЭНЧОРОЕВ, “Республика – Ата Журт” фракциясынан ЖК депутаты: “Бабанов чоң бизнесмен, бир күнү Россияда, же Кыргызстанда, кааласа Түркияда жүрө берет”

13-октябрь, 14:53
780 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өмүрбек Токтогуловичти Руслан Казакбаевдин тоюнан көрүп калдык. Ал киши эмне, кайра келди беле?

-- Ооба. “Эки-үч күндө келет” дебедик беле?

-- Чогуу барып, чогуу келдиңиздерби?

-- Жок. Жумуштарым бүткөндөн кийин мен эртерээк кайта бергем.

-- Эми бул жерде эле болобу?

-- Анын жеке пландарын мен билбейм да. Ал өзүнчө адам, өзүнчө инсан. Бүгүнкү күндө саясатта эмес. Бабанов чоң бизнесмен эмеспи, өзүнүн иштери менен бир күнү Россияда, же Кыргызстанда, дагы бир күнү Түркияда болушу мүмкүн...

-- Бабановдун Текебаев, Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр менен түшкөн сүрөтүнө кандай комментарий бересиз?

-- Ал эми жөн эле тойдун сүрөтү. Сиз өзүңүз деле тойлорго барып жүрөсүз. Сизди кумир туткан, сыйлаган адамдар сиз аларды тааныбасаңыз деле келип сүрөткө түшүшөт. Андыктан, андай сүрөттөргө саясый маани, саясый боёк бербеш керек. 


"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер