“Күйөөмдүн көзүмө чөп салуусуна дагы көз жумушум керекпи?”

Турмушка чыкканыма 9 жыл болду. Өзүм сүйүп, өз каалоом менен турмуш жолуна аттангам. Кайненем менен чогуу тургандыктан, ал мени жамандай берип, жолдошумдун мүнөзү өзгөрүлүп кетти. Апасынын ою менен болуп, мага жана ортобуздагы үч кызыбызга убактысын да, акчасын да короткусу келбейт. Урушарга сөз таппай, болор-болбос нерселерди айтып жаңжал чыгарып, үйдөн кетип калмайды адат кылып алды. Ал мени урбайт, бирок анын жүрөктү ооруткан заар сөздөрүнөн тажадым. Эми мунун баары аз келгенсип, дагы бир маселе пайда болду.
Үйдө болгондо телефонуна бирөө чалса эле башка бөлмөгө чыгып кетчү. Өткөндө да чалуу келип жатканынан карасам, “Жаным” деп сакталган номер экен. Ал ким экенин сураштырсам, “ал менин ойношум. Сенин ишиң болбосун!” деп оозумду ачырды. Ичим өрттөнүп, ошол жерден жерге кирип кетейин дедим. Андан негедир бул нерсени күтпөптүрмүн. Ошондо ызама чыдабай кыздарымды алып, апамдыкына кетип калгам. Ичимден “кайра кайтып келбейм” деп ойлогонум менен бир айдан кийин кечирим сурап барган күйөөмдү ээрчип кайра келдим. Кайненеме Кудай берип салды, мурункудан да тили узарып, мени кордогонун койбойт. Күйөөм болсо экинчи тигиниси менен сүйлөшпөсүн убада кылганы менен телефонундагы “жанын” дагы деле өчүрбөптүр. Үйгө эрте келип, бизге аз да болсо көңүл буруп, мурункудай ороңдобой калганынан “чын эле өзгөрүүгө аракет кылып жатат го” деп унчукпадым. Бирок жашоого көңүлүм жок, чөгүп кеттим. Акыркы убактарда “балдарым үчүн жашаймбы же өзүм үчүн жашаймбы?” деп өзүмө-өзүм суроо берем. Ушунча жыл жолдошумдун басынтуусуна чыдап келсем, эми көзүмө чөп салуусуна дагы көз жумушум керекпи?