Акыркы кабарлар
22:58
22:29
» Саясат » Каракалпакстанда өзгөчө абал режими киргизилди
Каракалпакстанда өзгөчө абал режими киргизилди
04-июль, 11:53

Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан Республикасына өзгөчө абал режими киргизилди. Чет элдик маалымат булактарында жазылгандай, тиешелүү буйрукка президент Шавкат Мирзийоев кол койгон.
Ага ылайык, өзгөчө абал режими 3-июлдан 2-августка чейин созулат.
"Чечим жарандардын коопсуздугун камсыздоого, алардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, мыйзамдуулукту жана тартипти калыбына келтирүүгө багытталган.
Каракалпакстан Республикасына кирүү жана чыгууга чектөөлөр кирип, бардык коомдук иш-чараларга тыюу салынат", - деп айтылат маалыматта.
Өзгөчө абал режими үчүн саат 21:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилди. Комендатуранын башчысы болуп Өзбекстандын Улуттук гвардиясынын кол башчысы Рустам Жураев дайындалган.