Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улукман Мамытов: “Рублдин кунунун түшкөнү биздин экономикабызга да таасирин тийгизет”

Улукман Мамытов: “Рублдин кунунун түшкөнү биздин экономикабызга да таасирин тийгизет”

22-июнь, 18:22
1 917 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экономика боюнча эксперт менен маек.

-- Рублдин куну түшүп, валюталардын туруксуздугу байкалууда. Биздин өлкөгө таасири тууралуу ой бөлүшсөңүз?

-- Албетте, анын терс таасири бизге да тийбей койбойт. Анткени Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчөсү катары биз Россия менен бир бажы союзундабыз, бирдиктүү эмгек рыногундабыз. Менин оюмча, рублдин кунунун түшкөнү биздин экономикабызга да терс таасирин тийгизет. Айрыкча ЕАЭБ үчүн жаман көрсөткүч. Анткени бул биримдик чоң экономиканы камтып турат. Рубль түшкөндө Россиянын экономикасына, айрыкча валюталык саясатына бир топ ишеним жоголуп калатЭгерде Россиянын рубли күчтүү болгондо, экономикасы дагы таасир жаратып, ЕАЭБдин экономикасын дагы тиреп турмак. Азыркы куну түшкөнү жакшы көрүнүш эмес. 

Албетте, мигранттар үчүн да зыяны чоң. Анткени ал жакта иштегендери пайдасыз болуп калат. Менин оюмча, бул кыска мөөнөттүү эле саясат. Анткени Украинадагы согушка байланыштуу рубль төмөндөгөндө акча чыгаруу көлөмдөрү чоңоюп, Россиянын бюджети толуп, бюджеттен аскердик көп чыгым жүргүзүшөт. Ошондуктан рублдин түшкөнү өз бюджеттери үчүн жакшы. Бирок бул көпкө созулбайт. Анткени, мен белгилегендей, Россиянын валютасына баарыбыздын ишеничибиз жоголуп баратат.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер