Бийликке бел болгон, иши менен алдыга озгон аткаминерлерди билесизби?


“Бүгүнкү бийликтеги алгылыктуу иштеп аткан аткаминерлерден бешөөнү атай аласызбы? Чыныгы эмгеги менен көзгө көрүнгөндөрү барбы? Министр же губернатор болобу, көңүлүңүзгө толгонун айта бериңиз?..” деген собол таштадык.

Ишенгүл Болжурова, экс-министр:
-- Чынын айтсам, биздин республикада болуп аткан саясый кырдаалдарга, экономикалык өсүштөргө жана билим берүү тармагына ар дайым көз салып турам. Өлкөнүн жараны катары мындайларга кайдыгер эмесмин. Албетте, кээ бир тармактарды үстүртөн гана сыдыргыга салып койгон учурлар да жок эмес. Учурда мамлекеттин бүтүндүгүн, коопсуздугун сактап, күч берип аткандардын сап башында президент Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана коргоо министри Бактыбек Бекболотовду айтсак болот. Мындан сырткары, ары-бери чапкылап, райондорду кыдырып, жеринде билим берүү тармагы кандай абалда болуп атканына Каныбек Иманалиевдин үзүрлүү эмгек кылып атканын баса белгилейли. Ошол эле учурда ички иштер министри Улан Ниязбеков да көп жакшы иштерди кылып атканы жүрөк жылытат.

Улан Рысбеков, запастагы ИИМ полковниги:
-- Албетте, эң жакшы иштеп аткан финансы министри Алмаз Бакетаевди айтмакмын. Баарын иреттүү түрдө корректировка кылып жатат, күчтүү финансист экенин көргөзүүдө. ИИМ жетекчиси Улан Ниязбековго көптөн бери көз салып жүрөм. Министр катары такшалып, тажрыйба топтоду. Иштин көзүн билип, майын чыгарууда. Учурда ИИМдин кадыр-баркы күн санап көтөрүлүүдө. Бишкек шаарынын мэри Эмил Абдыкадыров да тынбай иштеп атат. Болушунча борбор калааны заманбап шаарга айлантуу жагына кам көрүүдө. Көчөлөр, тротуарлар, жашылдандыруу маселеси акырындап алга жылууда. Өңгөсүн айтпасак да Жибек Жолу көчөсүндөгү салынып аткан социалдык мончону көрүп, жүрөгүм жылыды. Бул эгемендик алгандан бери мэрия өз алдынча курган курулуш болуп калмакчы. Губернаторлордун арасынан Канат Жумагазиев мырзаны айтса болот. Күнү-түнү тынымы жок, как солдат эмгек өтөп атат. Азырынча алдына эч кимди сала элек. Ош ОИИБ начальниги Жеңиш Жоробековдун да катуу иштеп атканын байкап келем. Иштегенди алкоого алып эле айтам. Керек болсо, Жеңиш Жоробеков Ош облусуна губернатор болсо да татыктуу мырза!

Урмат Акунов, жарандык активист:
-- Бүгүнкү күндө аткаминерлер, министрлер президент Садыр Жапаровдун ишенимин толук актабай, барган жеринде коррупция, жат көрүнүштөргө чулганып калгандары көбүрөөк байкалат. “Реформа” дешүүдө, анын караанын да эл көрбөй атат. Аяк жагында өздөрү жаманатты болушууда. Бирок, ошентсе да чын дилинен иштеп аткандар жок эмес, бирок алар өтө аз. Алсак, кыргыз тоо-кен, геологиянын башчысы Алмаз Туманов бир топ аракеттерди кылып атат. Ош ОИИБ башчысы Жеңиш Жоробековдун жигердүү иш алып барып атканы жакында эле ордолуу шаарга барганда көзгө таамай көрүндү. Ошол эле Ош шаарынын мэри да тыңгылыктуу иштеп атыптыр. Мыкты өзгөрүүлөр бар экен. Чүй губернатору Канат Жумагазиев мырза да күн-түн дебей, ысык-суук дебей кызматын катыра аткарып атканын баарыбыз билебиз. Министрлерден Каныбек Иманалиев билим берүү тармагында жаңыча көз караш менен ишке билек түрө киришти. Реформанын жаңыча форматында жаны тынбай иштеп атат.

Абдыгул Чотбаев, генерал, коомдук ишмер:
-- Мен солдат катары иштеп аткан аткаминерлерди тияк-быягына чыгып мактабай эле конкреттүү түрдө фамилияларын атасам жетиштүү болсо керек. Мындайча айтканда ток этерин.
1. Садыр Жапаров
2. Сүйүнбек Касмамбетов
3. Талантбек Иманов
4. Бактыбек Бекболотов
5. Камчыбек Ташиев.











