Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кеңешбек Сайназаров: “Учурда орус тилдүү мектептер жакшыраак болуп атат”

Кеңешбек Сайназаров: “Учурда орус тилдүү мектептер жакшыраак болуп атат”

23-август, 16:15
1 276 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жаңы окуу жылы башталарына аз калбадыбы. Буга байланыштуу ата-энелер балдарын окутууда мектеп, мугалим тандоо алдында турушат да. Башталгыч класска бара турган окуучуга мектеп тандоо туурабы же мугалимби?

-- Өзүмдүн практикама таянсам, мектепти дагы, мугалимди дагы тандаш керек. Себеби, мугалим мектептин ичиндеги түзүмдүн бир бөлүгү. А мектеп болсо ошол мугалимдерди көрсөтүп турган күзгү. Дасыккан мектеп албетте тажрыйбалуу кадрларды алып келүүгө аракет кылат жана сапат биринчи орунга коюлат. Ал эми мугалим жалгыз эле ийгилик жаратып коёт деп айтуу кыйын. 

-- Мамлекеттик мектептердин ичинен  сапаттуу мектеп табуу кыйын экени жашыруун деле эмес. Бирок, бардык эле ата-эне баласын жеке менчик мектепке бере албайт. Бул учурда баланын окууга болгон шыгын арттырууда ата-эненин ролу чоң болсо керек?

-- Ооба. Канчалык супер мектеп болбосун айланып келип, баары ата-эненин балага болгон жардамына такалат. Ийгиликтин баарын бир эле мектеп жаратат деген тайкы ой. Мектеп багыт берет. Бала аз убактысын мектепте өткөрүп атат. Үйдө тарбия менен мектептеги багыттарды бекемдөө үчүн ата-эненин ролу чоң. Ошон үчүн ата-энелер жоопкерчиликтен алыстабай, баланын окуу процессине катышуу керек. 

-- Балага татыктуу билим берүүнүн башталгыч эмес, орто класста тандаган оң деген дагы ойлор бар экен. Буга кандай пикир айтасыз?

-- Коомдогу ойду айттыңыз. Мен буга мындай мисал менен жооп бергим келет. Бир адам акылманга барып, балалуу болдум, тарбияны качан баштасам болот?” деп сурайт экен. Анда акылман сиз бир аз кечигиптирсиз. Тарбияны балаңыз түйүлдүк кезинде эле башташ керек эл дептир. Анын сыңарындай, окуу, тарбияны төрөлгөндөн баштап өмүрүбүздүн акырына чейин алышыбыз керек. Анан 6-класстан баштайбыз, ЖРТга даярданып коёбуз деген нерселер өтө туура эмес. 

-- Жеке менчик мектептердин көпчүлүгүндө окуучулар убактысын эртеден кечке чейин өткөрүшөт да. Бул туура элеби?

-- Айрым жерлерде окууга басым жасоо жагынан аша чапкандык бар деп айтар элем. Адамдын жаш өзгөчөлүгүнө карай билимди да сиңире алгыдай бериш керек.  Кээ бир мектептерде тилге өтө басым кылса, айрымдары математикага басым жасайт. Мындай жүктү бала дароо кабыл ала албайт да. Ошон үчүн окуу программаларын туура түзүү аябай маанилүү. Антпесе, окуучу окууга болгон кызыгуусун жоготуп коюшу да мүмкүн. Башкысы, окуган нерсени колдоно билиши керек. 

-- Эки мектептин артыкчылыктары менен кемчиликтерине токтолсоңуз?

-- Мамлекеттик мектепте мамлекет тарабынан коюлган мыйзам ченемдүүлүктөр бар. Чектөөлөр бар. Алардан чыгуу кыйын. Класс комплектилер чоң. Окуучулардын саны 40тан ашып кетет. Мындай учурда мугалим толук кандуу билим бере албайт. Бир мугалимге 25 окуучу деген норма бекер жерден чыккан эмес да. Жеке менчик мектепте эркиндикке, жаратмандыкка үндөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Класс комплекти да чакан.

-- Сиздин жеке тандооңуз кайсы мектепке берилет жана эмне үчүн?

-- Мен жеке менчик мектепти тандайм. Балдарымдын баары ошол мектептерде окушат. Анын үч негизги себеби бар. 1. Жаш өзгөчөлүгүнө жараша режимдердин туура коюлушу. 2. Класс комплектилердин аз болушу. 3. Билимге болгон сапатка көңүл бурулуусу. 

-- Азыр мектептеги окуу программаларын жүргүзүү тили дагы ата-энелердеги көп суроолордун бири болуп атат. Баланы кайсы тилде окутуу маанилүү?

-- Тилекке каршы учурда орус тилдүү мектептер жакшыраак болуп атат. Ошол себептен ал жакка барып калып атышат. Анан баланын чөйрөсүндө орус тилдүүлөр көп болсо, ошол жакка ыктап кетип атышат. Бирок, кыргыз тилинде сапаттуу билим берип баштаган мектептер да көбөйө баштады. 


Мээрим Асанова 


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер