Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ректор А.Абдраева турганда И.Арабаев атындагы КМУнун артка кеткени айныгыс чындык

Ректор А.Абдраева турганда И.Арабаев атындагы КМУнун артка кеткени айныгыс чындык

18-сентябрь, 09:55
168 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде жаңы окуу жылы башаламандык менен башталды. Бул университеттин 10-кичирайондогу бир жарым миң студентке эсептелген окуу имаратын ректор Айгүл Абдраева “марттык” кылып, мэрияга “белекке” берип койгондон бери ал окуу имаратындагы үч факультет Киев көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги окуу имараттарына батпай, аудиториялык фонду кыскарган факультеттер лекция, семинарларды кай жерге коюп, студенттерди каякка жайгаштырарды билбей, баштары маң болуп турган кез. А.Абдраева болсо факультеттерди кошуп, жакшы иштеп жаткан декандарды иштен кетирип, илик-жарма досторуна кызмат бөлүштүрүү менен алек. “Бул ректор минтип отурса 70 жылдык тарыхы бар университеттин түбүнө жетет окшойт” деп окутуучулар жамааты кооптонуп турган кездери. Алысты көрө билбеген, татыксыз башчы келсе, залакасы бүтүндөй коллективге жана билим берүүгө тийип, кедеринен кетет тура. Натыйжада, А.Абдраева турганда И.Арабаев атындагы КМУнун артка кеткени айныгыс чындык. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
(Видео) Тажиктердин ок жаадырганы... Коргологон Лейлектин тургундары...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер