Ногойбаевдин түбүнө Байгазиев менен Нарчаев жеткени калды


Бишкек шаарында былтыртан бери өспүрүм кыздар зордукталып, аларды мыйзам алкагында коргоо каралбай келди. Биз эки фактыга токтололу.
Маселен, 2022-жылы Свердлов РИИБнин кызматкерлери 13 жашар кызды алмак-салмак зордукташып, кылмыш иштерин жашырууга жанталашкан, бирок “Азия Ньюс” гезитинин ыкчам маалыматы аркылуу баары ачыкталганын эскертели. Андан аркысы коомдук талкууга алынып, участкалык кызматкерлер айыпталышып, камакка алынышкан эле. Бул жерден Свердлов РИИБ начальниги Азамат Байгазиевдин шалаакылыгы, өздүк курамды башкара албаган алсыздыгы үчүн үрөй учурган окуяга күбө болдук.
Экинчи жагдайга келсек, гезитибиз өткөн айда жазгандай, дагы 13 жашар кыз зордукталып, тилекке каршы, Ленин РИИБнин тергөөчүлөрү судмедэкспертизанын жалган көрсөтмөсүнө таянышып, кылмыш ишин кыскартып салышканы кандай? Өтө өкүнүчтүү. Башкы прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин эки тергөөчү, судмедэксперт жана зордуктаган аңги камалып атпайбы. Карышкырга кой кайтарткан замандын келгени ушулбу? Ленин РИИБ начальниги Бактыбек Нарчаев шек жаратып, кызматкерлери менен кылмышка кириптер болуп жатышса, адилеттүү баа берилбейби? Таңгаласың.
Эгерде өнүккөн өлкөлөрдө Азамат Байгазиев менен Бактыбек Нарчаевдей кадрлар болгондо эчак эле кызматтарынан айдалып, тийешелүү жазаларын алышмак... Ал эми Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаев иштей албай бийликке сөз тийгизүүдө. Муну борбор калаанын башкы милициясы катары кармоо акылга сыйбайт. Сыягы, баары бири-бирине төп келишип, артка кетишүүдө. Байгазиев менен Нарчаев акыры Ногойбаевдин түбүнө жеткени калды окшойт...










