Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Төрөбаев кызматтан кетиши менен саясый упай алдыбы?

Бакыт Төрөбаев кызматтан кетиши менен саясый упай алдыбы?

26-февраль, 12:56
1 257 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

      Айыл чарба министрлигинен Бакыт Төрөбаев жогорку сый-урмат менен узады. Коллективи дүркүрөтө кол чаап, чепкен, тебетей кийгизишип, анан калса, орун басары Жаныбек Керималиев ичи ачышып жатканын да жашырбады. Бул жалпы тармактын маанайындай сезилди. Мындай жылуулук баарына эле буюрбайт эмеспи. 

     Эки жылдан ашык министр болгон Бакыт Төрөбаев системага реформа жасап, жакшы иштегени коомчулукта да айтылууда. Буга чейин кайсы жетекчинин келип-кеткени менен көпчүлүктүн иши деле жок. Бирок, экс-министрдин – каарманыбыздын орду өзгөчө көрүнүп, коомчулукта колдогон тарапташтары да арбын экен, асыресе, бийликтин беделине шек кетип калган жокпу?.. 

     Аныгында, Бакыт Төрөбаев чоң саясатчы катары да сыноодон өткөн. Он бир жыл мурда эле “Өнүгүү-Прогресс” партиясын түзүп, парламентке командасы менен өтүп келгени белгилүү. Мындайча айтканда, ал кыргыздын белдүү уулдарынын бири. Кандай гана оор кырдаалдар болбосун, саясый күрөштөрдө четте калбай, позициясын билдирип, элдин таламын талашып келет. Түндүк-түштүктө тең электораты жетиштүү. 

     Кыскасы, алдыдагы аламан күрөштө Бакыт Төрөбаев таасир жаратып, багын сынап көрөбү? Колдогон катмар сүрөп чыкса керек. Калыс караганда саясый рейтинги да жогору, образдуу элестеткенде – салмагы сайдын ташындай... Эмесе, келечекте ооматы жанса, бара көрсүн... 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер