Нуржигит Кадырбеков, ЖК депутаты: “Биз кытайлардан көп нерселерди үйрөнсөк болчудай”


-- Нуржигит мырза, жакында эле бир топ депутаттар Кытайга барып келбедиңиздерби. Алардан үйрөнө турган эмнелер бар экен?
-- Кытайда жашылдандырууга аябай чоң маани берилип жатыптыр. А бизде тескерисинче, жылдан-жылга бактарыбызды кыйып эле атабыз. Ким жооп берет буга? Кытайда жаңы шаар курса деле дарактарды кыйбай туруп курат экен. Муну өз көзүбүз менен көрдүк. Экинчиси – бул дары чөптөр. Кытайда фармацевтикалык компаниялар дары чөптөр, элдик медицина менен аябай чоң бизнес жасашат экен. Бизде чөптөр турат, аны ким изилдеп атат? Биздин элчилигибиз дале ижарада отурат. Башкалар жер алып, имарат куруп, көчүп кетишкен. Мамлекет болгондон кийин элчилик баары бир керек да, алардан бөлүнгөн гранттан бир аз алып калып, жери даяр экен, имарат куруу зарыл. Келечекте элчиликтин өз резиденциясы болууга тийиш. Анан элчиликтин кызматкерлерин “тосуп алгыла” деген да чиновниктер бар экен. Элчиликтин кыла турган иштери ансыз деле толтура да, саясый, экономикалык, маданий кызматташтык. Ошончо чоң өлкөгө аз сандагы кызматкер житишсиздик кылат.
Андан кийин электромобиль чыгарган заводго бардык. Алар “кызматташканга даярбыз” дешет. Азыр ортомчулар аркылуу аябай кымбат келип атпайбы. Андан көрө түз кызматташсак, арзаныраак келмек. Булардын “Акылдуу шаар” долбоорунан да көп нерселерди үйрөнсөк болчудай. Бир бөлмөдө отуруп алып эле шаарды башкара беришет экен. Мисалы, бир аксакал киши суусун, электрин эки-үч күн колдонбой калса аман-эсенби (?) деп текшеришет.
-- Сиздин оюңузча, алардын алдыңкы тажрыйбаларын үйрөнүш үчүн эмнелерди жасоо керек?
-- Мен бекеринен айткан жокмун да, бир программа түзөлү, өкмөт бул багытта иштесин деп. Сүйлөп коёбуз, угушат, ошол бойдон калат. Кытайда илимдин докторлору: “Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн кантип жогорулатабыз? Жаңы сортторду кантип алабыз?” деп изденип, тынбай иштешет. А бизде дыйкан жазында эгинин эгип, күзүндө казып алып атат. Дагы эле 30-40 жыл мурдагы технология менен жашап жүрөбүз.










