Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Оппозициялык күчтөр чарчашты, тажашты. Бийликтин басымына баары эле чыдай беришпейт экен”

“Оппозициялык күчтөр чарчашты, тажашты. Бийликтин басымына баары эле чыдай беришпейт экен”

14-январь, 16:00
1 136 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Эмне үчүн оппозициянын биримдиги, таасири сезилбей атат? Кыргыз саясатында дайыма талаш-тартыш, тирешүүлөр орун алчу эле го? Бийликке карата сын-пикирлер айтылып турса, түздөнүүгө, өнүгүүгө бет алабыз да, туурабы? Күчтүү оппозиция түзүлөбү же?..” деген собол салдык.

Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер:

-- Бийлик болгон жерде сөзсүз оппозиция болушу керек. Саясый атаандаштыгы бар өлкөлөр баары эртели-кеч өнүгүү үстүндө болуп, мыкты улутка айланат. Тилекке каршы, биздин коомдун көпчүлүгү оппозицияны чанда гана колдобосо, көп убакта колдобойт. Бийликтин сөзүн сүйлөйт. Ошондуктан парламентке жалпысынан бийликти колдогон депутаттар келишти. Көз каранды парламент түзүлдү. Оппозициялык күчтөр чарчашты, мүмкүн тажашты. Экинчи жагынан, бийликтин басымына, куугунтуктарына да баары эле чыдай беришпейт. Оппозиция болуу Кыргызстанда чоң эрдик. Ушунча басымды, жакындарынын куугунтугун көтөрүп жашоо, түрмөгө отуруу өтө оор. 

Коом оппозициядагы саясатчыларды колдогонду, баалаганды үйрөнүшү зарыл. Себеби, бул өлкөнүн өнүгүүсү, стабилдүүлүгү үчүн керек институт. Менимче, азыр оппозиция жок. Бирок, бул “таптакыр эле жок болду” дегенди түшүндүрбөйт. Азыркы оор социалдык экономикалык, саясый абал, оппозицияга болуп аткан куугунтук сөзсүз мурда болуп көрбөгөндөй күчтүү жана бириккен оппозицияны жаратат. Кыргызстанда оппозиция болчу саясатчылар жана жарандар жеткиликтүү.

Кубанычбек Исабеков, коомдук ишмер:

-- Ар бир бийликтин көзүн май басып кетпес үчүн деле оппозиция керек. Тилекке каршы, биздин бийлик өзүнө-өзү оппозицияны таап келген. Бир нерсе болсо эле баса калып кармап, камап, иш козгогон – бул күчтүү бийлик эмес, тескерисинче, алсыз бийлик болуп эсептелет. Мисалы, бүт кыргыз элин камоого мүмкүн эмес да. Өмүр бою камакта жатпайт, алар да чыгат. Азыркы бийликтин башынан өтпөдүбү. Эми бизде оппозиция десе эле жалаң эле радикал болбостон, өдөрүнүн сунуш-пикири, программалары, жол-жобосу болгон оң. Сынга алган оңой, бул жагын баарыбыз билебиз. Ушуну каршылык көрсөткөндөр эске алса дейт элем. Кээде “үйүндө кашык айраны жок, кызынын аты Жууратбек” дегендейлер бар. Үй оокатын тыңдай албай, анан эле иштеп аткан адамды обужок жөөлөп, кырчаңгыланып, тиги же бу бийликке сын айткандарды мен да жактырбайм. Мындайларды мен өз айылымдан да көрүп жүрөм. Арак ичип жатып, бир аз тың жашаган адамдарды “мунукун өрттөш керек, тигиникин талаш керек” дейт. Убагында Атамбаевге, анын туура эмес кылып аткан иштерине сын айта берип, китепке да жазып ашкере кылгам. “Мен сени иштетпейм” деп жүрдү. Ишканамды эпсиз текшертип, эпсиз айып пул салып, эки жыл катары соттошком. Андан кийин Сооронбай Жээнбековдун да ишмердүүлүгүн, анын ковидге даярдыгы жок экенин айтып койсом, жаргон менен “мочить!” деп 7-кабаттан команда берген. Мамлекет деген бирөөлөрдүн менчиги эмес. Өмүр бою бийликте отурган эч ким жок. Мисалы, мен Садыр Жапаровдун айткандарын колдойт элем. Бирок, Россиянын президенти “кыргыздар улам-улам эле тырмоокту басып албаса экен” деп айтканын эсибизден чыгарбасак. Эми бул бийликке айтар сунушум: оппозицияны душман көрбөй, баарын чогултуп, сунуш-пикирин угуп койсо жаман болбос эле. Эң негизгиси, күнү-түнү мактагандардан алыс болуш керек. Андайлар акыры душман болуп чыгат. Кемчилик кимде гана жок, менде бар, сизде бар жана бийликте да арбын. Бирок, түз жүргөн, илим-билимдүү, жөндөмдүүлөрдү, тажрыйбалууларды жумушка, кызматка иштетиш керек. Азыркы бийликтин элге болгон ишеними жогорулагандын ордуна азайып баратканы сезилет. Ошол эле маалда ар бирибиз мамлекеттин келечегине жоопкерчиликти сезгенибиз оң. Ар бир адам мүмкүнчүлүгүнө жараша алдыга кадам таштаганы маанилүү.    


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер