Акыркы кабарлар
» Саясат » Атамбаев үн катпаганына караганда, саясаттан кеттиби?
Атамбаев үн катпаганына караганда, саясаттан кеттиби?
04-декабрь, 18:54
1 008 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌“Социал-демократтар” партиясы Бишкек шаардык кеңешинен четтетилип, Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина, Роза Турксевер камалгандан кийин, Алмазбек Атамбаевдин үн катпаганы түркүн ойлорго түртүүдө. Өз уясын коргоп, эки ооз кайрылуу менен чыгып койбогону кызык. Кантсе да чоң саясатчы, экс-президент эмеспи. Реалдуулук үчүн Алмазбек Атамбаев партиясына, балдарына болушпаган соң, чын эле саясаттан биротоло кеттиби? Балким ден соолугуна, карылыгына карап, кол шилтеген кербезиби? Же бийлик менен көмүскөдөн түзгөн келишимин бузбаш керекпи? Айтор, суроолор көп.
"Азия Ньюс" гезити