Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Парижде IFTM Top Reza саякат көргөзмөсү өттү

Парижде IFTM Top Reza саякат көргөзмөсү өттү

06-октябрь, 18:02
396 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Туризмди өнүктүрүү фондунун улуттук көргөзмө стенди кыргыздын бозүйүнүн стилинде жасалды. Көргөзмөгө келгендердин айтымында, абдан сонун көрүнөт экен. Мындай оригиналдуу дизайн көргөзмөнүн ачылышынын алгачкы сааттарында эле франциялык туристтик компаниялардын гана эмес, журналисттердин да кызыгуусун пайда кылды. ЖМК өкүлдөрүн кыргыздардын көчмөн каада-салттары, ошондой эле турак жайдын европалыктар үчүн адаттан тыш түзүлүшү абдан таңкалтырды.

Көргөзмөнүн ачылышына Кыргыз Республикасынын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз жана туризм фондунун президенти Абылкасым Шерниязов катышты. «Биз бул ири көргөзмөгө катышканыбызга абдан кубанычтабыз. Фонддун кызматкерлери менен бирге Францияга бизден алты туристтик компания келди, алар бул жерден кардарларды издешет. Өздөрүнүн турпакеттерин гана эмес, Кыргызстанды да таанытышат» деп белгиледи фонддун президенти.

Көргөзмөнүн биринчи күнүндө фонддун вице-президенти Максат Усубалиев меймандарды Кыргыз Республикасынын туристтик аймак катары мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды. Чет элдик туроператорлорго жана көргөзмөнүн конокторуна өлкөбүздүн кооз жерлери, саякатчылар үчүн түзүлгөн шарттар жана туристтик кызыктуу турлар тууралуу айтып беришти.

Париждеги туристтик көргөзмө 1978-жылдан бери өткөрүлүп, ага жыл сайын 30 миңден ашык адам катышат. Ал туризмдин бардык тармактарын: бизнести, эс алууну, топтук туризмди жана MICEни камтыйт. IFTM Top Reza үч күн бою өтөт.


“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер