Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алты бейтап каза болду, оору дагы 331 адамга жукту

Алты бейтап каза болду, оору дагы 331 адамга жукту

30-апрель, 15:42
729 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 30-апрелдеги маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде коронавирустан алты бейтап каза болду. Вирустан көз жумгандар Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө катталган. Муну менен коронавирустан каза тапкан адамдардын саны 1604 адамга жетти.

Акыркы суткада 331 кишиден вирус жаңы аныкталды. Көбү Бишкекте (211) катталган. Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 95 275 адамга жетти.

Бир күндө 268 адам сакайып чыкты. Учурда 1477 бейтап стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 76 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

Коронавируска кабылгандар Бишкек шаарында көбөйүп жатканына байланыштуу кийинки аптадан тартып кошумча стационарлар ачылары айтылган. Ага жараша медиктердин мобилдик бригадаларынын саны да көбөйөт.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө март айында Кытайдын "Sinopharm" вакцинасы менен башталган. 22-апрелде өлкөгө Орусиянын "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы келип, Бишкек, Чүй облусундагы 65 жаштан улуу, өнөкөт оорусу барлар эмделүүдө.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер