Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чек ара маселеси мамлекеттик кызматкерлердин чабалдыгынан курчуп жатат

Чек ара маселеси мамлекеттик кызматкерлердин чабалдыгынан курчуп жатат

29-май, 01:37
598 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

 Кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар кайра-кайра кайталанып, маселени бийликтегилер түпкүрүнөн чече албай, ортодо карапайым эл жабыркап, четинен жерибиз кертилип, жүрөк оорутар абал өкүм сүрүп турган кез.


Саламат Аламанов, чек ара маселелери боюнча серепчи:

-- Мен чек ара боюнча пикиримди, кеңешимди бийликтегилерге жүз жолу, миң жолу айттым. Угуп, реакция кылган деле адам жок. Билгендерин жасап жатышат. “Билебиз” деп кылышууда. Бирок, жыйынтыгын көрүп жатабыз го... Кошуналар менен сүйлөшүүнү эреженин негизинде нормалдуу нукка буруш керек да. Башка жол жок. Көйгөйлөр чоң. Бирок, учурда бирин-бири жамандап, бири-бирине күнөөнү артып коюп отурушат. Маселени ким чечет? Учурунда биз бир айлап талкуулап отуруп маселени чеччүбүз. Ошондон кийин бир жыйынтык чыкчу. “Жолугушту” деген аты кылып, тарап кеткенде эмне чечилет? Эч ким бири-бирине макул болбойт. 


 Бакыт Узенбаев, ыктыярдуу чек арачы:

-- Тажик Республикасынын жарандары Кыргызстандын чек арасын тааныбай, оюна келгенин кылып жатканын көргөндөн кийин кыргыз мамлекети өзүнүн бүтүндүгүн көрсөтүп, саясый чек араны жаап, мамилени үзүш керек болчу. Союз убагындагы ар бир он беш республиканын өзүнүн көрсөтүлгөн территориясы бар. Кыргызстан 198.5 миң кв/км, Өзбекстан 447.4 миң кв/км, Түркмөнстандын аянты 488 миң кв/км. Анын эң кичинеси тажиктердин жери. Биздин дагы Жерге-Тал, Мургаб райондору тажиктерге ыйгарылган. Тажикстандын аянты 1926-жылы 135.6 миң кв/км болсо, 1929-жылы Мургаб менен Жерге-Тал кошулгандан кийин 143.1 миң кв/км болгон. Тилекке каршы, бир дагы мамлекет башчыбыз союз тарагандан баштап ошол аймакты (эки районду) биздики деген талапты коюшкан жок. Ар кандай кыйынчылыктан чыкса болот. Бүт дүйнө каршы туруп санкция жарыялап, орустун айласын кетиребиз деди эле, Орусия кайра өз экономикасын чыңдап, айыл чарбасын өнүктүрүп, коркпой турган болуп алды. Эмне үчүн биз антпешибиз керек? Бул жанагы эле тажиктерге күйүүчү майды өткөрүп, ортодон тыйын тапкандардын сөзү да. Токтоосуз түрдө чек араны тажиктер бир пикирге келмейинче жабыш керек. Кыргызча айтканда, удулу деп коёт. Биз ошол удулу келген учурду өткөрүп жибердик. 

Каримов чек араны жаап койду. Биз дагы ошондой кадамга барып, Эмомали Рахмонго шарт коюшубуз керек эле. Чек ара маселесин ошол убакта чечип калсак болмок. Ал учурду өткөрүп жиберишти. Алардын садакасына алаксып жүрүп, ушундай күнгө кептелдик. Мен “чек араны жабыш гана керек деп эсептейм. Тынчтык жолу менен чечиш керек. Жакшы согуштан жаман тынчтык жакшы” дейт. Ал үчүн дипломаттар мыкты болушу шарт. Биздин дипломаттар, чек ара маселесин чече тургандар деле спекулянт болуп калышты. Өздөрүнүн кызыкчылыгы биринчи орунда, ал эми мамлекеттики артта калып жатат. Мамлекеттик саясатта, эл аралык мамилелерде тууганчылык, досчулук болбойт. Улуттук кызыкчылык гана болушу керек. Биздикилер ошону сактабай жатат. Латындарда «тынчтыкта жашагың келсе, дайыма согушка даяр болуш керек» деген сөз бар. Бизде чек арачыларга жыргаган шарт жок. Алардын айлыгын көтөрүш керек. 15 миң сом үчүн күн сайын өлүмгө бет келип жүрүү туура эмес! Биздин балдар мыкты. Баардыгы мамлекеттик кызматкерлердин чабалдыгынан курчуп жатат...


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер