Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мирбек Мияров: “Бизде талапкерлердин тизмесин эл сунуштайт!”

Мирбек Мияров: “Бизде талапкерлердин тизмесин эл сунуштайт!”

12-март, 17:58
1 266 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

   “Ордо” саясый партиясынын лидери менен маек...

-- Саламатсызбы Мирбек мырза! Саясый ишмердигиңиздин айланасында кеп кылсак...

-Рахмат. Сен саясат менен алектенбесең, саясат сени менен алектенет деген кептин чындыгы бар окшобойбу. Жеке чарбам менен кара жанды багып жүрө берсем деле жарашмак, бирок, кырдаал жөн жаткырчудай эмес. Биз таза ниет менен таза саясатка кириштик.

-Кыргызстандын өнүгүү жолун эмнеден көрөсүз? Эмнеден аксап жатабыз?

-Өлкөнүн келечегине баарыбыз жоопкербиз. 30 жыл болду, өнүгүүнүн түрдүү жолун издеп келебиз, кайсы бир тармакта алдыга кетсек, кайсы биринде жылыш жок. Коом кардиналдуу өзгөрүшү керек, аң-сезим туура багытты тандашы керек. Экономикада приоритеттүү багыттар так аныкталып, сергек атаандаштык өкүм сүрүшү зарыл. Социалдык саясат адилет багытты көздөп, балдар бакчасынан тартып, мектеп, жогорку окуу жайы, бюджеттик мекемелерде жарандын укугу, социалдык статусу  бийик турушу керек. Жаштардын күчүн туура пайдаланабыз, аларга өз потенциалын ишке ашырууга мыкты шарттарды түзүп беребиз. “Жаш келсе ишке, кары келсе ашка” демекчи, муундар алмашат. Адистер баарын чечет дегендей, ар бир профессионал өз тармагын гүлдөткөн коомду курабыз. Жумушчу күчүн экспорттогон мамлекеттен талаптагыдай жумуш орду менен камсыз болгон мамлекетке айландырабыз. Кыргызстанда жашап жаткан ар бир улуттун конституциялык укугу жогору коюлуп, динине, саясый көз карашынын ар түрдүүлүгүнө карабастан, эркиндиги бекем сакталат. Ошол эле мезгилде мекен алдында ар бир кыргызстандыктын жоопкерчилиги биринчи орунда турат. Коомдо ынтымак өкүм сүрүшү керек. Анткени, жалпы элдик ынтымак өлкөбүздү өнүктүрөт! 

-Саясаттагы олку-солку кырдаал канткенде жөнгө салынат? Кээде Кыргызстанды чайпалтып-чачыратып жиберчүдөй чочутат...

-Биздин “адилет коом курабыз деген максатыбыз бар. Ал коомдо баардык саясый күчтөргө орун табылат. Сөз эркиндиги сакталат. Саясый көз караштарга чек коюлбайт. Ошол эле мезгилде ар бир саясый күч мекен алдындагы чоң жоопкерчиликти сезе билет.

-- Кыргызстандагы шайлоо өнөктүктөрүнө кандай баа берет элеңиз?

-Кыргыздар уникалдуу элбиз! Ата-бабаларыбыз тандоо системасын байыртадан эле жолго коюп коюшкан. Болуш, бийлерди шайлоодо кадимки эле тайказандан экини эки талапкердин тушуна коюп, шайлоого келген эл кезектешип атайын үйүлгөн чүкөдөй таштарды тандаган талапкеринин тайказанына салышкан. Бирден чубап. Бүткөндө казандагы таштарды төгүп, жалпы элдин көзүнчө эсептешкен, утканы шайланган, утулганы макул болгон. Мына демократия! Бүгүнкү күндө да кошуна мамлекеттерден шайлоо системасы боюнча ат чабым алдыдабыз деп ишенимдүү айта алам. Азыр электрондук урналар ишке киришип калды, мурдагыдай добуш бергенин смартфонго тартып барып кожоюнуна көрсөткөн замандан өтүп кетпедикпи... Миң сомго добушун сатса, жыйынтыгы кандай кейиштүү болорун бүгүнкү турмуш чындыгы кашкайтып көрсөтүп турат. Болгону элибиз ошол тандоо күнү кайдыгер болбой, шайлоого катышып, өз добушун тандаган талапкерине берип, активдүүлүгүн көрсөтсө, мекенибиз утат. Шайлоого келбей, добушун бербей койсо, анын добушу уурдалышы мүмкүн деп эсептей берсеңер болот.

-- Жогорку Кеңешке шайлоодо коюлган 9%дык бөгөт боюнча кандай ойдосуз?

-Бул маселе боюнча массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда, ошондой эле коомдук талкууларга, түз эфирлерге   катышып, өзүбүздүн позициябызды кеңири билдирип жүрөбүз. Бул албетте, демократиялык принциптерге жооп бербеген өтө чоң бөгөт. Бирок, кандай бөгөт коюлбасын, биз бүгүнкү элдин суроо талабына жооп берген универсалдуу механизм иштеп чыктык. Шайлоо – бул тандоо. Ошондо шайлоочунун алдына биз жөнөкөй, түшүнүктүү нерсени тартуулап жатабыз. Эл эмнени каалап турат? Эл эски саясатчылардан тажап бүттү, алардын ордуна биздин партияда толук жаңы жүздөр турат. Жашоо көрсөттү, партиялык системадан мурунку бир мандаттуу можаритардуу системанын артыкчылыгы эмнеде? Албетте, ар бир шайлоочу округдан шайланган депутаттардын жоопкерчиликтүүлүгүндө. Бирок, дүйнө жүзүндөгү практикада парламенттик-партиялык система – бул тенденция, аны моюнга алыш керек. Демек, биз артка кетпей, ушул тандалган система менен иш алып барышыбыз керек. Кантип? Опоңой! Биз БШКга 120 депутаттыкка талапкерди партиянын атынан көрсөтүшүбүз керек. Ошондо болжол менен Кыргызстандын 44 районунун ар биринен 2-3 талапкер чыгарабыз. Кеңешип кескен бармак оорубайт” демекчи, биз жергиликтүү калк менен жолугушканда араңардан депутаттыкка татыктуу, мыкты кыз-жигиттерди сунуш кылгыла деп атабыз. Өзүңөрдүн улан-кыздарды өстүргүлө, миң сомго сатылбай, же арзандын тузу татыбайт дегендей, айылда жол оңдотуп тим болгончо, силердин араңардагы инсанга чуркап, ошону өзүңөр шайласаңар, ошол адам депутат болот. Анан ошол силер жашаган жериңерден чыккан чыныгы эл өкүлү өз туулган жерине жана мекенине беш жыл кызмат кылат!” деп түшүндүрүүдөбүз. Ошондо биздин “Ордо” партия элдик партия болбогондо ким болот? Шайлоонун шайтан оюндарынан тажаган эл туура тандоо жасайт деп мен толук ишенем!    

-- Шайлоонун шайтан оюндарына даярдыгыңыздар кандай? 

-Шайлоодо качан шайтан оюндар болот? Качан гана өз күчүнө ишенбеген, арам жол менен максатка жетүүнү көздөгөн күчтөр аралашканда. Биз өзүбүзгө бекем ишенебиз! Ушул көрүнүштүн тескерисинче, жалаң прогрессивдүү жаңы жүздөрдөн түптөлгөн биздин партиянын ар бир мүчөсү коом алдында булганбаган таза инсандар. Ой жүгүртүүсү сергек, мекен деген патриоттук сезимдери жүрөгүндө ойноп турган, алсызга жөлөк, карапайымга тирек болгон командама ишенем. “Шайлоодо таза иштегендин үлгүсүн көрсөтөбүз” (!) деп ишендирип кетем. Анткени биз шайлоо кампаниясына катышам деген аймактардагы таза инсандарга таянабыз, эшигибиз ачык. Кайсы региондон болбосун, “Ордо” саясый партиясынын катарында депутаттыкка талапкер катары катышам” деген замандаштарыбыз менен парламенттик шайлоого чогуу аттанабыз. Ошол жергиликтүү эл арасында аброю бар, мекенчилдик сезимден куру эмес, аздыр-көптүр элине жардамы тийип жүргөн таза жүрөк инсандар биз менен кошулуп, талапкер катары ат салыша алышат. Биз аларга мүмкүнчүлүк түзүп беребиз.

-- Демек, сиздердин тизмеде эски аткаминерлерге орун жок деп түшүнөбүзбү?..

-- Биз эл ичиндеги абройлуу, карапайым адамдарга тизмебизде кеңири орун беребиз! Таза адамдарды республикабыздын аймактарындагы калайык журт өздөрү сунушташат. Чыныгы демократиялык шайлоону ошол элдин өзүнүн тандоосуна коёбуз. Таза адам  таза коом! Таза коом  таза мамлекет! 

-- Шайлоочулар менен жакындан иштешет турбайсыздарбы анда...

-Биз карапайым элдин катарында, элдин тандоосу менен элдин батасы менен шайлоого аттанабыз! Анткени мамлекеттин тиреги – ЭЛ! 


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер