Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Октон каза болгон 13 жаштагы Мадинанын атасы: “Аялым акылынан айнып кала жаздады”

Октон каза болгон 13 жаштагы Мадинанын атасы: “Аялым акылынан айнып кала жаздады”

04-май, 18:10
1 339 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чоңойсом дарыгер болом деген 13 жаштагы Мадинанын тилеги эми эч качан ишке ашпайт. Он гүлүнүн бири ачыла элек секелек Баткенде тажик аскерлеринин огунан көз жумду.

Каргашалуу окуя 29-апрель күнү Лейлек районунун Интернационал айылында болду. 3-май күнү Мадинанын тажиясы өткөрүлүп, атасы Наимжан Абдулловдун, 87 жаштагы чоң атасы Рахматжан жана башка жакындарынын сай-сөөгү сыздап турган кези.

Тажик аскерлери Интернационал айылына ок жаадырып жаткан маалда Мадина апасы Наргүл, сиңдиси Нурдиана менен эле. Алар коопсуз жай издеп, көчөдө качып бараткан. Жүк ташуучу унаа айдап иштеген Наимжан Абдуллов окуя болгон учурда жумушунда болгон.

“29-апрель күнү кечке маал аялым телефон чалып, айылга ок жаап жаткандыгын айтты. Бир кезде телефондон үнү угулбай калды. Ал учурда мен Бешкент тарапта жүргөм. Дароо айылды көздөй жөнөдүм. Бирок Бешкент менен биз жашаган Интернационал айылынын ортосуна блокпост коюлган экен. Ал жерден аскерлер куралдуу кагылышуу башталганын айтып, өткөрбөй коюшту. Блокпосттон өтө албай, түнү менен тоону, сайды аралап, ууру жолдор аркылуу араң өтүп, ооруканага бардым. Кызымдын сөөгү эчак эле моргдо, аялым менен кичүү кызым реанимацияда экен. Эртеси дарыгерлер операция аркылуу аялымдын денесинен октун эки чачырандысын алып, “калганын ала албайбыз” дешти, - деди ызага муунган ата. -- Дарыгерлер уруксат бербей, айта албай жүрдүм. Кайгыны жалгыз көтөрө албасымды билип, аялыма наркоз тарай баштаганда айтсам, алгач дарыгерлерге кыйкырды. Анан эс-акылын жоготкон кишидей “ыйлайынбы?” деп мага суроолуу карады. Анын абалын көрүп, мен өзүмдү жоготуп коё жаздадым” деди ал.

Спутник кж”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер