Президенттик шайлоого чыгууга Медербек Алиевдин аты аталууда


Жаш саясатчылардын арасынан популярдуулугу артып, эл оозуна алына баштаган 1-вице-спикер Медербек Алиевдин соңку жаңылыгы коомчулуктун бүйүрүн кызытабы? Саясый күчтөрдүн колдоосуна жараша өзүнүн эрктүүлүгүн көрсөтүп, күздө президенттик шайлоого карата талапкерлигин койсо, резонанс жаратары болжонууда. Албетте, мындай күтүүсүз жүрүшү машакаттуу тобокелдик эмеспи. Лидер катары астыга суурулуп чыгуунун ысык-суугу, түмөн түйшүгү бар. Ал жөн жерден тандалып атпаса керек, туурабы? Медербек Алиевдин оор басырыктуу мүнөзү, билими жана тажрыйбасы, саясаттагы туруктуулугу, айтор, көп жагынан мамлекет башчысы болууга төп келишкен сапаттары талданып, тарых сыноосуна коюлабы? Натыйжада акыл калчанып, анализ жүргүзүлүп атса, тараза ташынын оошуна жараша кадам ташталабы? Эмесе, канчалык деңгээлде ишенимди актай турганына баам салып, байкай туралы. Азырынча алган багыты, купуялуулугу менен өзгөчө бекемдиги байкалууда...











