Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бурулайдын өлүмү үчүн иштен кеткен Марлис Асанов Талас ОИИБ начальниги болду

Бурулайдын өлүмү үчүн иштен кеткен Марлис Асанов Талас ОИИБ начальниги болду

18-февраль, 14:28
1 876 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чүй ОИИБ орун басары болуп турганда Марлис Асанов шалаакылыгы үчүн кызматтан алынган. Эмне үчүн дейсизби? Эсиңерде болсо, Жайыл РИИБнин ичинде жигити тарабынан бычакталып өлтүрүлгөн Бурулай эл аралык алкакта чуу жараткан. Дүйнөлүк пресса жазган эле. Ошентип, райондун жана облустун “кызыл шапкечендеринин” айынан өтө кейиштүү окуяга туш болгонбуз. Чырактай кызыбыздын өлүмүнө бир катар жетекчилер айыпталып, алардын катарында Марлис Асанов да бар болчу. Натыйжада, ээлеген креслосунан айрылган. Бирок, убакыттын өтүшү менен ал Талас ОИИБнин начальниги болуп дайындалды. Анчалык деле профессионал кадр эмес, көптүн бири катары жүрүп, кантип секирик жасадыКөрсө, Марлистин капчыгынын калыңдыгы, генерал-миллионер Данияр Абдыкаровдун өкүл баласы болгону үчүн көтөрүлдүбүЭрксизден баш чайкайсың! Бакиевдин тушунда кадрдык саясат ушундай өнүкчү эле. Кайда баратабыз?..


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер