Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Назарбаевдин бейрасмий жубайы 30 миллион доллар тапкан

Назарбаевдин бейрасмий жубайы 30 миллион доллар тапкан

04-октябрь, 17:24
1 310 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) Казакстан президентинин бейрасмий жубайы Асель Курманбаева жашыруун оффшордук келишимден 30 миллион доллар пайда тапканын аныктады. Иликтөөдө келишимге дагы эки олигархтын тийешеси бар экени айтылат.

3-октябрда иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциуму жарыялаган жаңы документтер дүйнө жүзүндөгү ондогон мурдагы жана азыркы лидерлер байлыгын оффшордук аймактарга жашырганын ашкерелеген.

Асель Курманбаева жана «улут лидери» жеке мамилелерин эч качан четке кагып же тастыктаган эмес. Анын Назарбаевдин «токолу» экени жөнүндө маалымат «Мисс Казакстан» сулуулар сынагын жеңип алгандан кийин тарай баштаган. Курманбаеванын эки баласы Нурсултан уулу деген фамилияга ээ. Иликтөөнүн авторлору Казакстанда фамилиянын ордуна атасынын атын жазуу кадыресе көрүнүш экенин белгилешкен.

OCCRP билдиргендей, Курманбаева — Казакстандагы мамлекеттик эки бий институтунун көркөм жетекчиси жана балет менен улуттук бий тармагындагы бир нече фирмалардын, фонддордун ээси.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер