Мамат Айбалаев, экс-губернатор: “Акылбек Жапаров жоопко тартылышы керек”

-- Мамат агай, акыркы мезгилде эки кишинин башы бириксе эле “кызматтан бул кетет, ал келет экен” деген эле сөздөр айтыла баштады. Кадр саясатын эптей албай жатабызбы, же кандай?
-- Кадр саясаты – президенттин сферасы. Кадрды тандоо, тарбиялоо, дайындоо өтө жоопкерчиликтүү иш. Канчалык таза, адилеттүүлүк менен кадр дайындалса, эл да ыраазы болот, жумуш да алдыга жеңил жылат, өнөт, өсөт. Өкүнүчтүүсү, билимдүү, мыкты адистер сыртка чыгып кетип жатышканын угуп калам. Ошол адистерди сыртка чыгарбай, ар бир облуста, райондордо, шаарларда, айылдарда жумуш орундарын түзүшүбүз керек. Башка жол жок.
-- Министрлер чекесинен алмаша баштады. Кандай адам премьер-министр болсо дейсиз?
-- Негизи премьер-министр болуп иштеш үчүн биринчиден, жогорку билимдүү, дасыккан тажрыйбалуу, экономиканы көтөрүүнүн жолун билген, түшүнгөн, ошол сферада көп жыл иштеген кесипкөй адис керек. Негизи Акылбек Жапаровдун кызматтан кеткени туура болду. Эми жоопко тартылышы керек.
"Азия Ньюс" гезити