Күч органдары диний агымдарды текшерүүгө алышпаса, эртең кеч болуп калат
Талибандар Афганистанды басып алгандан кийин биздеги сакалчан, дамбалчан, ашкере динге берилген жарандарыбыз шерденишип, соцтармактардан аларды кубаттаган, сүйүнгөн постторду жазып атышат. Эң коркунучтуу көрүнүш ушул! Ислам мамлекетин курууну кыялдангандар арабызда эле жүрүшөт. Андайлар үгүт кылганынан, кыймыл-аракетинен жана кейпинен эле байкалат. Аныгында, талибандар биздин коомчулукка да терс үлгү көрсөттү. Караңгы катмарды шыктандырып атышы мүмкүн. Эмне кылуу керек? Күч органдары салттуу мусулманчылыктан сырткаркы диний агымдарды текшерүүгө, көзөмөлгө алууга катуу киришпесе, эртең кеч болуп калат. Мыйзам алкагындагы светтик багытыбызды чыңдап, заманбап илим-билимге умтулууга мезгил келди. Балдарыбыздын келечеги оронгон “кара дүйнөдө” эмес, жаркыраган даңгыр жолдо уланса...
"Азия Ньюс" гезити