Мени жана төрт кызымды чанган күйөөм бактылуу боло алабы?

Мен 42 жаштамын. Чолпондой төрт кызым бар. Кудайдын буйругу экен, уулдуу болуу тилегим орундалган жок. Бирок жолдошум андай ойдо эмес окшойт. Ал мени менен кеңешпестен, башка аялга үйлөнүптүр. Уулдуу да болгондой го чамасы. Көпкө чейин сыр кылып жүрүптүр. Аны өзүм эле сезгем. Бир күнү бетме-бет сүйлөштүк. “Эгер бала үчүн болсо, макулмун. Макулдугумду берем, үйлөнө бер. Болгону жакшы мамиледе калалы. Кыздарың эч нерсе билбесин. Алар чоңойгондо түшүнөт” дедим.
Бирок ал менин бул сөзүмдү укмаксанга салып, айтпай эле жашырып үйлөнүп алган. Таңгалдырды. “Сени сүйөм, аргасыздан ушуга бардым. Артымдан тукум калышы керек” дейт. Мен болсо мындайга чыдай албайм. Кечиримдүү болоюн дейм, бирок жүрөк башкача дейт. Кыздарымды ойлойм, өзүмдү да ичтен жейм... Эже-сиңдилер, кантип чечим чыгарайын, кеңеш бергилечи?
Гулиза
"Азия Ньюс" гезити