Акыркы кабарлар
» Саясат » “Кустуруунун” экинчи этабына кимдер илинет? Исхак Пирматов көч баштайбы?
“Кустуруунун” экинчи этабына кимдер илинет? Исхак Пирматов көч баштайбы?
14-апрель, 12:18


Бул ыкма уникалдуу сыңарындай. “Кустуруунун” экинчи этабында маслократ чиновниктердин узун тизмеси бар экени каңкууланды. Саясый кырдаал кичине тынчыса, жай айларынан тарта камакка алуулар күчөй турганын эшиттик. “Коррупция”, “Мыйзамсыз баюу” беренелери тикесинен турат окшойт. Ооба, азырынча божомол таризинде коңгуроо кага туралы. Мамлекеттин казынасына миллиондорду төгө тургандардын көч башында Исхак Пирматов сыяктуу олигархтардын “сүрсүп” калганы жөн жерден эмеспи? Дагы кайсы көпөстөр, бай-манаптар “кара тизмеде” бар экенин “Азия Ньюс” гезити жакынкы жумаларда ачыктаганга аракет кылат.
"Азия Ньюс" гезити











