Акыркы кабарлар
» Коом » Россиядагы мектепте белгисиз адам окуучуларга ок чыгарып, 6 адам каза болду
Россиядагы мектепте белгисиз адам окуучуларга ок чыгарып, 6 адам каза болду
26-сентябрь, 16:51

Россиянын Ижевск шаарындагы №88 мектепте белгисиз адам ок чыгарды. Бул тууралуу Россиянын жергиликтүү басылмалары жазышты. Маалыматка ылайык, кара кийимчен белгисиз адам мектепке кирип келип, күзөтчүнү өлтүрүп, андан кийин окуучуларга ок чыгарган. Жыйынтыгында 6 адам каза болуп, 20дан ашык адам жаракат алган. Окуучуларга ок чыгарган жаран өз жанын кыйган. Полиция анын сөөгүн тапкан. Учурда окуя болгон жерде бардык тийешелүү кызматтар иш алып барышууда.










