Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирус жуктурган адамдын өпкөсүнүн рентген сүрөтү дарыгерди шок кылды

Коронавирус жуктурган адамдын өпкөсүнүн рентген сүрөтү дарыгерди шок кылды

22-январь, 13:39
3 119 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“COVID-19 вирусун жуктурган адамдын өпкөсү өтө жаман абалга кептелгенин рентген сүрөтү көрсөттү” деп билдирди «Дейли Мейл» («Daily Mail») басылмасы.

АКШнын Техас технологиялык университетинин медициналык илимдер борборунун доценти, дарыгер Бриттани Бэнкхед-Кендалл ден соолугу жакшы, тамеки тарткан жана коронавирус жуктурган 3 адамдын өпкөсүнүн рентген сүрөттөрүн көрсөттү. Анын айтымында, COVID-19 вирусунан айыккан бейтаптардын өпкөсү тамеки тарткан адамдардын өпкөсүнөн дагы жаман абалда болгон.

Коронавирус жуктурган адамдын өпкөсүнүн рентген сүрөтү дээрлик аппак болчу. Дарыгердин айтымында, өпкөнүн тунарып көрүнүшү бул органда суюктук же бактерия жык толгонун айгинелейт.

Тамеки тарткан адамдардын өпкөсүнүн рентген сүрөтүнөн айрым бөлүгү гана агарып, сүрөт тунарып калганын көрүүгө болот. Ал эми коронавирус жуктурбаган жана тамеки тартпаган адамдын өпкөсүнүн рентген сүрөтүндө кара бөлүктөр көп экенин көрүүгө болот. Бул анын өпкөсүндө жетиштүү деңгээлде кычкылтек бар экенин далилдейт.


Баракелде

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер