Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубан Чороев: «Айылдарда светтин өчкөнү анчалык зыяндуу эмес»

Кубан Чороев: «Айылдарда светтин өчкөнү анчалык зыяндуу эмес»

13-ноябрь, 18:30
2 922 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Энергетикадагы кризистен улам электр энергиясын өчүрүүлөр орун алары айтылып жатат. Бул экономикага канчалык терс таасирин берет, бизнес буга даярбы?

-- Бизде башка жылдары деле кыйынчылыктар болуп келген, эл, ошол эле бизнесмендер тоскоолдуктарды ар дайым жеңип, тажрыйбалуу болуп калган. Бул өчүрүүлөр эгерде Бишкек, Ош шаарларында орун албаса, анда экономикага олуттуу тасири болбойт. Бишкек шаарына ЖЭБдин дагы энергиясы берилгендиктен кандайдыр бир деңгээлде энергетикалык кризистен чыгабыз деген ойдомун. Себеби, бизнеске тийешелүү болгон инфраструктура Бишкек менен Ошто. Кыргызстандын 80-90 пайызын айылдар түзөт да. Ал эми аймактарда ишкерчилик анчалык өнүккөн эмес, жокко эсе десек дагы болот. Ошол себептен айылдарда светтин өчкөнүнүн көп зыяндуулугу тийбейт. Негизги стратегиялык жактан караганда, Бишкек, Ош электр энергиясыз жашай албайт. Анткени көпчүлүк чакан жана орто бизнеске свет аба менен суудай эле зарыл. Ошондуктан ушул шаарлардын энергетикалык балансын сактап караганга аракет кылсак, бул кырдаалдан дагы өтө алабыз го. 

-- Айрым эксперттер жаз айларында экономикалык каатчылык күтүп жатканын божомолдошууда...

-- Ар бир кризис же кыйынчылык жалпы баардыгына тийбейт. Маселен, бир тармакта каатчылык болуп турса, башка жагында жакшы көрүнүштөр болот. Ошондуктан экономиканы татаал механизм катары көрүшүбүз керек. Менимче, азык-түлүккө болгон кымбатчылык бүгүн эле башталган жок, негизи XXI кылым азык-түлүктүн кымбатчылык эрасы болору мурда эле айтылып келген. Үй-бүлөлүк бюджеттин 90 пайызы тамак-аш сатып алууга кетет, анткени орточо айлык 16-20 миң сомдун тегерегиндеги сумманы түзүүдө. Мындан улам калктын айлык маянасын көтөрүүгө аракеттенгенибиз жакшы жайынтык берет. Россияда биздин көптөгөн мигранттар жашап, иштеп жүрүшөт. Эгерде алардын жыл сайын которгон 2-2,5 миллиард каражаттары болбогондо, чындыгында Кыргызстанда экономикалык кыйын абал түзүлмөк. Кандайдыр бир деңгээлде ушул каражаттар өлкөдөгү балансты кармап келет. Мындан тышкары, ички өндүрүүлөр бар. Ушул 30 жыл аралыгында элибиз толугу менен мамлекеттен көз каранды болбой, өз алдынча оокат кылганды жакшы үйрөнүп калды да. Албетте, мамлекеттик система билим берүү, саламаттык сактоо, энергетика сыяктуу  жарандар муктаж болгон тармактарда туруктуулукту камсыз кылып берсе эле  жарандарыбыз баардык кыйынчылыктарды жеңип чыгат. Эл бүгүн баарына даяр. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер