Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сагындын ырларындагы сезим кайрыктары

Сагындын ырларындагы сезим кайрыктары

03-август, 22:18
2 591 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыздардын назик жандүйнөсүндөгү жаркын сезимдер, купуя сырлар ырларында муңайым кайрыктарга айланып, жаңырып турса, соцреализмдин теориялык базасын түзгөн марксисттик-лениндик эстетиканын негизинде “Каармандын турмуштук активдүү позициясы” деген темада кандидаттык диссертация жазып, коммунисттик идеологиянын идеяларына сугарылып, шыктанып, камчысын чаап, анын “бөрк ал десе, баш алган” жоокери болуп жүргөн жаш сынчы Осмон Ибраимов “жыргал заманда жашап жатсак, булар эмне мынча муңканып, шолоктошот, ыя?” деп шымаланып, кыздар поэзиясына кыргыйдай тийип, таланттуу акындар Сагын Акматбекова, Роза Карагуловалардын ырларындагы модернисттик, экзистенциалисттик, импрессионисттик мотивдерди, символдорду, метафораларды аңдап түшүнө албай, нормативдик эстетиканын критерийлерине таянып, жөнү жок, орунсуз сындаган, коммунисттик саясатты бетине кармап, жумурткадан кыр чыгарып, кыздар поэзиясынан атайылап, аң-сезимдүү түрдө кемчилик издеп, акын кыздарга жок жерден айып тагып, аша чапкан учурлары тарых бүктөмүндө кара такка айланган факты катары калды.

 Азыр болсо Кудайга шүгүр, демократиялык коомдо жашап жатабыз. Адабият менен искусствону “ооздуктаган” мурдагыдай саясый-идеологиялык чектөөлөр жок. Ошон үчүн адабиятыбыздын, өзгөчө поэзиянын горизонттору кеңейип баратканын Сагын Беркиналиеванын ырларынан байкасак болот. Муну С.Беркиналиеванын “Асманда бийлеген кыз” (2019) аттуу жыйнагындагы ырлары алаканга салгандай далилдеп турат. Бул акындын экинчи ырлар жыйнагы, биринчи ыр китеби “Чаң баскан барак” деген аталыш менен жарык көргөн. Мезгилдүү басма сөз менен катар “Турарга”, “Ыр кербен”, “Мекенге таазим” альманахтарына да ырлары жарыяланган.

Сагын сөздүн кунун билген, поэзия менен жашаган нукура акын. Ал өзү жазгандай “өзүн өзү таппай, катуу кыйналып” жүрүп, анан өз жолун, өз үнүн, лирикалык “менин” тапкан акын. Ошон үчүн анын ырларынын “көрүнбөй жанып турган жалыны бар” (Алыкул). Сагын уйкаштык кубалап, эптеп ыр кураштырып, китеп артынан китеп чыгарып, чыгармачылыкты мансапка айландырып, өзүнөн өзү кырданып, жасалма каада күтүп, наамдардын, сыйлыктардын артынын сая түшкөн жазмакер эмес. Ал аз жазса да саз жазат. Башкача айтканда, ой-сезимдери жанын жай алдырбай жаза албай коё алганда гана, ыр саптары бышып жетилгенде гана, илхамы чындап келгенде гана колуна калем алат бейм. Эң негизгиси, анын ырларында жасалмалуулук жок. Тескерисинче, таза, нукура, кыялкеч сезимдерге бай. Лирикалык каармандын жандүйнөсүнүн аруулугу, табигыйлыгы менен айырмаланат. 

Койнумдагы муздак адам

Көңүл сенден сууп калган... - деп интимдүү тагдырын козгоп, агынан жарылып, окурманга сырын төгүп, эч кимдикине окшобогон өзүнүн жеке тагдырын баяндайт. Сагындын ырларында инсандын экзистенциалдуу табиятын ичкериден терең ачып берген ушундай жаңы мотивдер, жаңы дем, жаңы образдар, жаңы поэтикалык илеп окурманды өзүнө тартып турат. 

Лирикалык каарман ыймандай сырын жашырбай окурман менен тең бөлүшүп, сырдашат. Ошон үчүн ал дүйнөнү, жылдыздарды да башкача көрөт, асманга да башкача акындык көз менен карайт. 

Кургак жылдыз, суук жылдыз,

Алдап мени күлүп турат

Мээримсиз көк асманда.

Ушинтип лирикалык каарман уйгу-туйгу сезимдери, көңүл калуусу менен жек көрүүсү, инсандык жаркын жүзү булуттан чыккан айга окшоп, алаканга салгандай даана көрүнөт. Лирикалык каармандын образы аркылуу анын турмуш жолун, көз карашын, изденүүлөрүн, инсандын ыймандык, адеп-ахлактык турпатын кошо көрөбүз.

Акындын ырларында арзуу лирикасы басымдуулук кылат. Ырлардан, лирикалык саптардан сүйүү адам өмүрүнүн маңызын түзөт деген мотивдер рефрен өңдүү комуз күүсүнүн кайрыктарындай кайталанып, ыр саптарына шоола болуп төгүлүп тургандай таасир калтырат. Лирикалык каармандын махабатка жасаган аяр мамилеси уйгу-туйгу сезимдеринен айкын көрүнөт. Арзуу сезимдеринин призмасынан лирикалык каарман өмүр, турмуш тууралуу ой терметип, акыл калчайт.

Түш сыяктуу эми чындап алыстадың,

Билемин сага эч качан жолукпашым.

Бакытым болгон элең бир учурда,

Калдыбы бу дүйнөдө жалгыз башым. Мында ал ар дайым алоологон эскерүү сезимдери менен жашаган лирикалык каарман өмүрдүн маңызы, махабаттын пакиза аруулугу тууралуу өз алдынча ой жүгүртүп, салмактап көрүп, индивидуалдуу туюнтууга аракет кылган. Акын ар дайым өзүн эркин сезип, өзүнүн поэтикалык формасын табууга аракет кылат. Сагындын ырларынын ички структурасы, көркөм формасы жагынан да табигый сапаттарга бай.

Жылдыздар жалгыз мага,

Тийишет жаш жигиттей.

Чачырайт шоолалары, 

Жарышып от кийиктей... - деп лирикалык каармандын жандүйнөсүндө өтүп жаткан коогалаңдуу уйгу-туйгу сезимдер, драмалуу жагдайлар психологиялык жактан таамай кармалып, көңүл күүсү, маанайы ишенимдүү көрсөтүлүү менен ыр өлчөмү да, уйкаштары да, ыргактары да шайма-шай болуп, төп келишип, жарашып, колориттүү боёктор менен баяндалат.

Акындын ырларында поэтикалык өмүр баянын, ыймандай сырын окурман менен тең бөлүшүп, жандүйнөсүндөгү бурганактаган ички сезимдерин, кайгы-кубанычын, үмүт-тилегин, санаркоолорун жарык кылып, жалындап күйүп турган ак жаркын эмоцияларын субъективдүү башталмалар аркылуу ишенимдүү чагылдыруу менен эч кимге окшобогон тагдыры, турмуштун татаал, таштак жолунда өзүнүн салган чыйыры бар экенин алаканга салгандай далилдеп турат. Сагындын поэтикалык чеберчилиги лирикалык каармандын субъективдүү дүйнөсүн объективдештирип, жалпылаштырып, жалпы аялзатынын экзистенциалдуу жандүйнөсүн синтездеп ырларында поэтикалуу бере алгандыгы менен башка акыдардан айырмаланып турат. Акындын ырларынын сырдуулугу, өзгөчөлүгү мына ушунда жатат. Анын акындык дүйнөсүнүн ушундай өзгөчөлүктөрү анын чыгармачылык жүзүн, жеке тагдырын, оомалуу-төкмөлүү дүйнөдөгү түйшүктүү жашоосун жалындуу ыр саптары бадырайтып айкын көрсөтүп турат. Муну немец философу Гегелдин “лирикалык поэзиянын нукура мазмуну жана маңызы конкреттүү поэтикалык субъект, акындын өзү болушу керек...” деп айтканы ырастайт. 

Шамал мени көтөр, көтөр,

Учур мени алыс жакка.

Ак шурудай чачылгым келет сага

Талаалар — жымжырт калаа... - деген сыяктуу күтүлбөгөн салыштыруулар, оригиналдуу образдар акындын ырларында жыш кездешет. Ошон үчүн ал ойго келбеген метафора менен “Түйүп алып бүт ааламдын жылдыздарын жоолукка” салгысы келет, же: 

Кыйкырыгын тымызын ичке жутуп, 

Ыйлашат кызгалдактар ичтен сызып, - деп лирикалык каармандын бук болгон, кастарлаган ыйык сезимдерин, купуя сырларын, көңүл күүсүн, сүйүү кумарын, жандүйнөсүнө тынчтык бербеген күйүтүн, асыл арманын агынан жарылып ырга салат. Сүйүү отуна жанган лирикалык каармандын арзыганы, издегени, ишенгени, эңсегени — идеалдуу жакшы адам. Кол жетпеген, бирок, көңүл тереңинде жашаган идеалдуу жакшы адамдын образы акын тарабынан табигый да, жандуу да, элестүү да түзүлгөн. Акындын ошол армандуу кайрыктарга толгон сезимдүү ыр саптары окурмандын ышкы отун тутандырып, кыялдуу кылдарын козгоп, көңүлүн көтөрүп, өрөпкүтүп жылуу маанай ыроолойт. 

“Жер жарылса, ал акындын жүрөгүнөн өтөт” деп Генрих Гейне айткандай, өлкөбүздө болуп жаткан процесстер, социалдык-экономикалык кризис акынды коогалаңдуу ойго салат. Бирок ал тапталган жолго түшпөй, айрым акындарга окшоп элди, жерди тилдебей, каргабай, же “эл, жер үчүн жанымды берем” деп жалган убадаларды бербей, кургак фразаларга жетеленбей, 

Аба жетпей тумчугуп улам-улам,

Алсырап баратасың Кыргызстан.

Коргой албай мен сени уурулардан

Кара жоолук салынып, ыйлап турам – деп коррупциянын сормо сазына батып калган мекенинин тагдырына чындап кейип, кабыргасы кайышып, өлкөнү жоготуу – эң жакын адамды жоготуу менен барабар экенин аялзатына таандык колорит менен бере алган. Акын ырларына объект кылган бардык нерсени жүрөгүнөн өткөрүп жазат, ошон үчүн ал мурда айтылган чындыктарды кайталап, эпигончулук кылбайт. 

Арзуу лирикасы, ашыктык темасы акындын өзөк темасы. Ошентсе да акындын ырлары жалаң эле махабат лирикасы менен чектелбейт. Анын ырларынын мазмуну өмүр, жашоо, бакыт, тагдыр, кайгы, кубаныч, өкүнүү мотивдерине да бай. Турмушта адам өмүрүн коштоп жүргөн бул сезимдер жандуу образдык туюнтмалар менен элестүү берилет. Акындын өзүнө гана таандык индивидуалдуу стилдик өзгөчөлүгү калыптанып баратат десек болот. Өз алдынча оригиналдуу ой жүгүртүүгө эгедер. Ал өзүнүн сагыныч, кусага, сүйүү менен жек көрүүгө, уйгу-туйгу сезимдерге, учкул кыялдарга толгон поэтикалык дүйнөсүн жарата алган. Поэзиянын татаал ааламына өз чыйырын салып, өз жолун тапкан акынга “Жанжаза” роман-метафорасы менен төгөрөктүн төрт бурчуна таанылган Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Султан Раев, “Кентавр”, “Коргондогулар жана чексиздик” ырлар жыйнактары менен кыргыз поэзиясын жаңы деңгээлге көтөргөн Кыргыз эл акыны Карбалас Бакировдор ак батасын берип, ырлары тууралуу жылуу сөздөрүн айтышкан. Сагындын орус тилине которулган ырлары да окурмандар тарабынан жакшы пикир жаратып, жылуу кабыл алынууда. Эмесе, ыр менен жашап, поэзияга тагдырын байлаган акынга ак жол каалайбыз.


 Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер