Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жасалма мүнөз менен “Жигули” минип, шайлоочуларды алдагысы келген Бактыбек Турусбеков

Жасалма мүнөз менен “Жигули” минип, шайлоочуларды алдагысы келген Бактыбек Турусбеков

20-июнь, 22:04
829 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ысык-Көл бир мандаттуу округунан депутаттыкка Бактыбек Турусбеков аттанганын жарнама кылып, азганакай эл менен жолугушуп жүргөнүн жергиликтүү тургундар билдиришти. Учурда көлдүктөр туристтик сезон менен алек. Шайлоого анчейин деле көңүл бурушкан жок. Себеби, депутаттардын баркы кеткен. Айткан сөздөрүнө турушпайт. Ошон үчүн көпчүлүк деле мурдагыдай мандат үчүн чуркагандарга үзүлүп-түшө көңүл бурбай калышканы ырас. Мындай шартта Бактыбек Турусбековдун агитация кылып атканы да күлкү келерлик. Бул эргул мурда депутат болуп, кыйраткан иши жок, көптүн бири катары жүрчү. Азыр арбын убадалар менен шилекейин чачыратууда. Анан калса, жасалма мүнөз күтүп, “Жигули” минип, сүрөткө түшүп, арзан пиар кылууда. Өзбек ырчысы Озода “Көк жигули” деп ырдап чыгып, хит жаратканын билесиңер. Ошонун таасиринде жеңил-желпи жүрүшкө ык койгонун кара! Эгерде түштүк жергесинде болгондо, буга эч ким добуш салбайт беле?.. Реалдуу план-программасы жок Бактыбек Турусбеков эмнеге таянып, алдыга умтулууда? Көрсө, топтоп алган акчасы бар тура, шайлоочуларды сатып алуу менен алдыга суурулуп чыкканы калдыбы? Баам сала туралы. “Кылт” этсе кыя чабылса керек...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер