Акыркы кабарлар
» Саясат » Текебаев түрмөдөгү санаалаштарын эмес, элчилик кызматты тандады
Текебаев түрмөдөгү санаалаштарын эмес, элчилик кызматты тандады
28-октябрь, 19:30
1 221 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев 2017-жылы Европадан учуп келгенде камакка алынган. Ошондо арбын тарапташтары колдоп чыгышкан эле. Алардын сап башындагы Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова ж.б. Кызыгы, Текебаев бүгүн Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп отурат. Кечээги кыйын кезде арка-жөлөк болуп келген партиялаштары, тилектештери камалып калышты. Тагдырдын тамашасын карабайсыңбы, эмне үчүн Текебаев жалындуу сөзүн айтпай, жылуу-жумшак жамынып жатат? Же кырдаалдын ыңгайын күтүп атабы? Эгерде саясый санаалаштарына чындап күйсө, сатпаса, анда кызматын таштап туруп баса бермек да, туурабы? Элчилик креслону кармап калуу ушунча маанилүү беле? Баарынан да адамгерчилик, туруктуу мамиле маанилүү эмеспи. Мындан аркысын чечмелөөнүн кажети жок го. Кыйын кезеңде жакын адамдардын ички дүйнөсү бат эле ачыкталат тура.
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити