Ишенгүл Болжурова: “Президенттин 15 мектеп ачканы чоң прогресс болду”


-- Ишенгүл айым, президент Садыр Жапаров эки жылга жетпеген аралыкта ордо калаабызда жана шаарга жакын жаңы конуштарга 15тей мектеп салдырып берди. Эгемендик алган жылдардан бери мындай көрүнүш болгон эмес. Ушу жагдайды сиз кандай баалап атасыз?
-- Бул көп жылдардан бери келаткан эң эле чоң көйгөй да. Анткени, борбор шаарыбызга ички миграция аркасында көп адамдар агылып келгенин өзүңөр билесиздер. Аны менен бирге көптөгөн жаңы конуштар пайда болду. Алардан “эмне үчүн бул жакка көчүп келип атасыңар?” деп сураганыбызда “биринчиден, айылда иш жок калды. Экинчиден, кантсе да ордо калаада балдарыбызга жакшы билим берсек” деп жооп беришкен. Буга кошул-ташыл эң чоң көйгөй – ордо калаанын тегерек-четиндеги жаңы конушта жашаган ата-энелер балдарын борбордогу мектепке жиберүү, жеткизүүдөгү жол азабы, транспорт маселеси түмөн түйшүк жаратып келген. Ошол эле учурда алардын ден соолугуна көңүл буруу да четте калган эмес. Ал эми шаардагы мектептер айласыздан үч нөөмөт менен окутууга мажбур болушту. Президент өз учурунда “быйыл 15 мектеп курулат” деп сөз берип, жыл аягына жетпей ал мектептердин шаар ичине жана жаңы конуштарга курулушу өзүнчө эле чоң прогресс болду десем жаңылбайм. Буга мен учурунда билим берүү системасында иштеген адис катары абдан кубанып турам. Өзгөчө жаңы конуштагы маршруткадан маршруткага түшүп, үшүп-шишип, жол азабын далай көргөн окуучулар үчүн абдан эле чоң жаңылык. Бул үчүн биз президентибизге чоң ыраазычылык айтышыбыз керек. Аны менен бирге мектептерди курууда ат көтөргүс көмөк кылган өкмөткө, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө, курулушчуларга таазим!
Мени мындан сырткары сүйүндүргөнү – мектепти жөн эле куруп койбой, заманбап инфраструктурасы менен: китепкана, компьютердик класстар, спорттук жайлар, аянтчалар, ашкана, чоң-чоң терезелер, видеокөзөмөл коюлуптур. Мындай ишти колдошубуз керек.
-- Президент “15 мектеп курулат” дегенден кийин кээ бирлер “кайсы жомокту божурап атат, көрөбүз” деп чыгышкан...
-- Башында “15 мектеп курулат” дегенде көпчүлүк эл ишенбей, президенттин дарегине ар кыл туура эмес сөздөр айтылган, андайды менин да кулагым чалган. Аны моюнга алышыбыз керек. Эми баары артта калды. Жаңы курулган мектепте сабак берген мугалимдер ушундай заманбап имаратта өздөрүн ыйгайлуу сезишип, мыкты билим берүүгө умтулушуп, андагы окуган балдар жакшы билим алышса, кыргыз элинин келечегине салым кошот (!) деген үмүттөмүн.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











