Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улан Эгизбаевдин жубайы: “Кээде буркан-шаркан түшүп ыйлап келесиң”

Улан Эгизбаевдин жубайы: “Кээде буркан-шаркан түшүп ыйлап келесиң”

12-август, 12:23
1 641 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Белгилүү журналист Улан Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл Абдинабиева кыз балага оор күндө баш жөлөй турган жалгыз ийин – ата-эненин ийини экенин айтат.

“Кыз балага оор күндө баш жөлөй алчу жалгыз ийин – ата-эненин ийини. Кээде буркан-шаркан түшүп ыйлап келесиң, кээде көзүң жанып кубанып келесиң, кээде мелт-калт түшүп, айланаңдагы адилетсиздиктердин баарын ичке жутуп келесиң –  эч унчукпай ийинин тосуп берет. Жөлөнөсүң, дүйнөдө жок коопсуздукту сезесиң.

Мен ушул ийиндерден башымды көтөрө албай жаткан күндөр болду, сүйлөөгө да ал келбеген, баарынан көңүл калган… Бул ийиндердин дагы бир касиети: сени жөн гана жөлөп койбой, ишеним жаратат, тургузат, мүдүрүлө кетсең таяйт, кубаттайт. Бүгүнкү жакшы абалым да ошол ийиндердин урматы үчүндүр. Мен бул ийиндердин түбөлүк болушун, оорубашын күндө тилейм. Ошондой эле өзүм да кичинекей башын жөлөп алган балама мыкты ийин болууну самайм”.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер