Бакканын доомат кылган эркекке кантип чыдайм? Тажадым...


Кичинекей эки кызым менен үйдө отурам. Күйөөм жакшы табат, бирок өзүнө арбын коротот. Жакшы кийинет. Даамдуу жерлерден тамактанат. Мен үйдөгү көртирликке акчамды жеткире албай, дүкөнгө карыз болсок эле нерв болуп, уруш чыгарат. Бүгүн да ыйладым. Болбогон акча үчүн чоң жаңжал чыкты. Түшүндүрүп айтсам, “маадемектен ачка кал” дейт. Кыздарымды мектепке алып барам, кайра алып келем, жолубузга эле жүз сомдой кетет. Дептери, ручкасы, китеби кызылдай акча. Андай нерселерди түшүнгүсү да келбейт. Өзүмчүлдүгү жаныма батат.
“Иштеп кетейин” десем кыздарымды ким карайт? Басып кете албайм, ата-энем эчак каза болуп калган. Менин барар жерим, сүйөнөр-таянарым жок экенин түшүнгөн күйөөм каалагандай басмырлайт. Тажадым... Негедир айланамда мындай окуялар арбын кездешет. Бакканына, кылганына доомат айтышкан, майдаланган эркектер арбып баратышкандай. Бийик болгулачы!
Гүлнура
"Азия Ньюс" гезити











