Акыркы кабарлар
» Саясат » “Хасбиктин” ордуна Улан Айтбаев да реалдуу талапкер
“Хасбиктин” ордуна Улан Айтбаев да реалдуу талапкер
31-июль, 09:25

Ушундай. “Хасбик” каймана атындагы Азамат Токтоналиев Бишкек ШИИБни эптей албай атканы жалпы милициянын ичине белгилүү болуп калыптыр. Улам сөгүш алып, ээлеген кызматына татыксыз катары каралып атса, бир жыйынтыкка келиш керек го? ГУУРду оңдоп койгон Улан Айтбаевдин талапкерлиги каралса, жаңылыштык болбос эле. Себеби, бул жигит Бишкек шаарында оперликтен кылмыш иликтөө башкармалыгына чейин өсүп, өзүн көрсөтө алган. Көлдүн кулуну, интригадан алыс. Милициянын көп жетекчилерине караганда орусча жакшы сүйлөйт. Аныгында, ИИМдин орун басары Нурбек Такабаевич сүрөсө, маселе чечилип кетчүдөй. Бою узун жигиттер адатта жапалдаш бойлуу кыскаларга караганда алысты көрө билет эмеспи...
"Азия Ньюс" гезити