Күн өткөн сайын өмүрүм соолуп баратат
Жашым 24тө, турмуштан ажырашкам. Бир кызым бар. Тилекке каршы, оорумду эми билдим, көзүмдө айыкпас саратан оору бар экен. Дарылануу пайда бербейт, кыскасы, убакыт өткөн сайын өмүрүм соолуп баратат. Бир күнү бул дүйнө менен коштошуп кетүүмдү өзүм да билем. Жашоого мурдагыдай кызыкпай калгам, өзүмдү алдап эле жашап жүрөм. Мени кыйнаган нерсе – атам картайган, карыздары көп. Көп жыл болду, Москвада карыз төлөп бүтө албай жүрөбүз. Ошол атама менден жардам катары боорумду сатсам, кызымды атасына тапшырып берсем, кандай дейсинер? Атасына “кызыңа жардам кыл” десем, таптакыр жардам бербейт. Көзүмө операция жасатсам жакшы болуп кетемби? Көздөн рак болгондор барбы? Ансыз дале мен көпкө жашай албайм... Мага акыл айткылачы? Болбосо өзүмдү жеп бүтмөй болдум. Кызымды караган сайын ага боорум ооруйт “энеңден эрте эле каласың” дейм ичимден. Ой жеп бүттү. Убакыт болсо учуп баратат...