Төлөгөн Келдибаев, саясат талдоочу: “Күйүүчү майдын баасы көтөрүлүп, азык-түлүктөр да кыбаттап кетти”


-- Күйүүчү майларга, газга карата баалар өспөйбү? Бул боюнча айрым булактардын маалыматтары ыраспы?
-- Бензинге болгон баалар мурунку айга салыштырмалуу кыйла өскөнү байкалды. Күйүүчү майдын улам жогорулап жатышы айдоочуларга гана эмес, базарда иштеген сатуучуларды да кабатырга салууда. Азык-түлүк, сабиз, картошка, пияз, дарбыз, күрүч жана башка азыктардын баасы да көтөрүлүп кетти. Бензиндин кымбатташы менен жол кире да өсүп жатканын таксилердин кызамтынан эле билсек болот. Белгилей кетчү жагдай, күйүүчү-майлоочу майлар биржалык товар болуп саналат, ошондуктан баалар түздөн-түз биржалык котировкалардан жана россиялык нефтини кайра иштетүүчү заводдордогу баалардан көз каранды. Кыргыз Республикасы ушул рынокто импортко көз каранды бойдон калууда.
Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майлардын баасы Россиядагы мунай иштетүүчү заводдордун баасына жараша болот. Кошумчалай кетсек, бул багытта биздеги майлар рыногундагы баалар субъекттер тарабынан өз алдынча, рыноктук конъюнктуранын негизинде түзүлөт, б.а., суроо-талап жана сунуш, мамлекеттик жөнгө салуу канааттандырарлык эмес. Россиядан башка жактардан да сатып алууну караштуруу керек го. Андай кошумча жолдорду ишке ашырбасак, күйүүчү май жана бензин менен тамак-аш, азык-түлүк, такси кызматы, маршуруттук автобустарды тейлеген баа өзүн-өзү актабай калышы мүмкүн. Өкмөт электр энергия, газ менен жүргөн автобус жана башка тейлеген техикаларды алууну пландаштырышы шарт. Өлкө ичине бензин менен жүргөн техникаларды алып келүүнү азайтып, же бажы төлөмдөрдү көтөрүү зарыл. Өкмөт 2035-жылга Бишкек жана Ош шаарларына бензин менен жүргөн техникаларга чектөө болорун азыртан айта баштаса, шаар үстүндөгү түтүндөр азаймак. Бензинге болгон көз карандылыктан чыга алмакпыз.
"Азия Ньюс" гезити











