Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атыр Абдрахматова: “Жумабеков тизмеден чыкпаса, партиянын жоопкерчилиги каралат”

Атыр Абдрахматова: “Жумабеков тизмеден чыкпаса, партиянын жоопкерчилиги каралат”

17-сентябрь, 04:03
2 340 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун ымыркайга сүйүнчү берүүсүн одоно мыйзам бузуу катары эсептеп, аны талапкерлердин катарынан чыгарууну талап кылууда. 

-- Сиз Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун кадамы мыйзамсыз экенин белгилеп, БШКнын отурумунда карап, аны тизмеден чыгарууну талап кылдыңыз. Бирок, айрым юристтер спикер мыйзамды бузбаганын белгилеп жатышат.

-- Кайсы юрист Жумабековдун бул кылыгын добуш сатып алуу эмес (!) деп айтып жатат? Бул ачыктан-ачык добуш сатып алуу болуп эсептелет. “Ал иштеп жаткан депутат. Акча төраганын фондунан берилди” деп айтылганы менен мыйзам бузулду. Муну административдик ресурс катары да бааласак болот. Жогорку Кеңештин расмий тараткан маалыматында акча төраганын фондунан эмес, өз чөнтөгүнөн берилгени айтылат. 

-- Бул сиз айткандай “добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу” болуп эсептелсе, эмнеге БШК карабай койду?

-- Мен БШКга кайрылганыма үч күн болуп кетти. Алар “таанышып, териштирип, анан карашыбыз керек” деп убакытты созуп жатышат. БШК коллективдүү орган болгондуктан, маселени жалгыз чече албайм. Мыйзамда “баардык талапкерлерге бирдей шарт, бирдей мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек” деп жазылып турат. Спикердин бул кадамын административдик ресурсту колдонуу жана добуш сатып алуу катары баалайм. Талас облусунун губернаторун, мамлекеттик телеканаладарды ээрчитип алып кайрымдуулук кылганы – жеткен мыйзамсыздыктын белгиси. Азыр Дастан Жумабеков кандай жагдайды түзүп койду? Өзү демилгелеп, Жогорку Кеңештин ишин токтотуп койду. Ошондуктан төрага бул кылыгы үчүн уялышы керек. Жумабеков Кыргызстандагы экинчи адам, эгерде “парламенттик мамлекет” деп эсептесек, анда биринчи адам. Жогорку кызмат ээси мыйзамдуулуктун үлгүсүн көрсөтүп, тизмеден өзү эле чыгып кетиши керек болчу. Мыйзам чыгаруучу органдын жетекчиси болуп туруп, Конституцияны одоно бузуп, анысы аз келгенсип, жоопкерчиликтен кутулуу максатында ар кандай шылтоо издеп жатканы уят! Эгер Дастан Жумабеков тизмеден чыкпаса, партиянын жоопкерчилигин карашыбыз керек болот. Мен ушуну талап кылам! 


Анархан Алтымышова 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер