Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Карганбек Самаков комиссиядан өтүү үчүн акчасын чачабы?..

Карганбек Самаков комиссиядан өтүү үчүн акчасын чачабы?..

01-январь, 12:36
652 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кызык. Кыргыз Эл Баатыры болууну кыялданган Карганбек Самаков далбастап атат. Аткошчулары кол чогултушуп, жок жорукту жасашкан. Учурда жалданма пиарщиктери бийликти демитип, жанталашып жаткан чактары. Мамлекеттүүлүккө шек келтире турган кадамын карабайсыңарбы...

А кечээ жакында эле Чүй облусунун аймагынан жүздөгөн гектар жерлерди алдамчылык жолу аркылуу басып алганын, ондогон адамдарды ыйлатканын, натыйжада, түрмөгө да отуруп чыкканын кантесиңер? Сабак албаптыр. Уюшма уюмдардын колун койдуруп, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине кат жөнөтүп, догурунуп жүргөн кербези. Бул көрүнүшкө акыл-эстүү коомчулук таңгалууда. Кечээ былыгы чыгып, чок баскан адам кантип Кыргыз Эл Баатыры болот? “Уялбагандан өзүң уял” дечү беле? Шылуундугуна салып, купшуңдай жирей берсе эле жик таппас...

Жыйынтыгында, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги астындагы комиссияда Карганбек Самаковдун маселеси каралып, жабык добуш берилери кабарланды. Алдын ала тыянагы жакшы эмес, колдоо табары арсар. Ал жердегилер да жек көрүп жатышыптыр. Бирок... “Кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет” демекчи, комиссия мүчөлөрүн акчага сатып алууга аракет кылсачы? Мындайда министрлик мамлекеттик баалуулукту, жогорку наамды коррупцияга айыпталган адамга тепсетпей, таза сактап калууга кам көрөбү? Баары эле акчага сатылбай, ар-намыстуу, коомго үлгү болорлук чечим кабыл алышса керек...


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер