Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нуржигит Кадырбеков: “Чаткалдагы ураган мектеп баарыбыз үчүн эскертүү болду”

Нуржигит Кадырбеков: “Чаткалдагы ураган мектеп баарыбыз үчүн эскертүү болду”

24-май, 09:00
303 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Нуржигит мырза, Чаткалдагы мектептин урап түшкөнү сиз айткандай баарыбыз үчүн эскертүү, сигнал болду. Мындай кооптуу абалдагы мектептер аябай эле көп болсо керек?

-- Мен жер-жерлерди кыдырып жүрөм, чындыгында акыбал өтө оор. Эскирген мектептер аябай көп. Сузактагы Фуркат мектебин кадимкидей эле тирөөч менен тиреп коюшкан. Жазы айылындагы Акматалы Абдыкеримов атындагы мектеп да аябай эски. Мага видеосунан бери жөнөтүштү. Сыртын жалтыратып, ичин актап коюп эле балдарды окутуп жатышат. “Жыргагандан жылкычы болуптурмунбу” дегендей, бул деле манчыркагандан эмес да. Бирок, жолдорун табыш керек. Баланын өмүрү эң кымбат нерсе. Кечээ Чаткалда Кудай сактады. Болбосо улуттук трагедия болмок. Бул чындыгында эле эскертүү. Мындан тыянак чыгаралы.

-- Мектептердин баарын шашылыш инвентаризация кылып чыгыш керек го?

-- Бул өкмөттүк деңгээлде жасала турган иш. ӨКМ, өрт коопсуздугу боюнча кызматтар катышат. Эгер кооптуу абалдагы мектептер аныкталса, ал жерде балдарды окутпаш керек. Мына, жакында жайкы каникул башталат, эс алуу учурунда ушул маселени чечпесек, кандайдыр бир альтернатива таап, балдардын коопсуздугун ойлонбосок болбойт.

-- Альтернатива десеңиз, Нарындагы мектеп-контейнерлер эске түшөт...

-- Биз социалдык түйүндөрдөн кээде жөн эле “төө бастыга” алып, сындай беребиз. Ал деле бир чечим болгон чындыгында. Жыргаганынан антишкен жок да. Же балдар окубай коюш керек болчу, же бирөөнүн үйүн жалдаш керек эле. Контейнер, вагон дегендер эмне болгон күндө да көчүп кетпейт го. Кечээ Чаткалда болгон окуя менин үрөйүмдү учурду чындыгында... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер