Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чыңгыз Макешов: “Ишканалардын кирешеси 50%га төмөндөдү, бул экономикага чоң сокку”

Чыңгыз Макешов: “Ишканалардын кирешеси 50%га төмөндөдү, бул экономикага чоң сокку”

27-май, 11:52
2 691 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Үстүбүздөгү жылдын май айында этке жана өсүмдүк майына болгон баалардын олуттуу өсүшү байкалган. Бул тууралуу улуттук статистикалык комитетинин маалымат кызматы билдирет.

Республиканын 18 калктуу конушу боюнча улутстатком тарабынан жүргүзүлгөн негизги тамак-аш продуктуларына орточо керектөө бааларынын ар жумалык мониторингинин жыйынтыктарына таянсак, үстүбүздөгү жылдын 20-майына карата республика боюнча кой этинин орточо баасы  465,47 сомду түзгөн. Бул апрель айына салыштырмалуу 18,14 сомго же 4,1%га өскөн. Ал эми 1 литр өсүмдүк майынын баасы 167,09 сом болуп, ал өткөн айга салыштырмалуу 3,6%га өскөнүн байкоого болот. 

 -- Чыңгыз мырза, кымбатчылык уланып жатат. Негизги себептерин атай аласызбы?

 -- 2020-жылы бизде ички дүң продуция 9%га төмөндөдү. Бул абдан чоң көлөмдөгү төмөндөө. КМШ өлкөлөрүнүн ичинде да бул өтө төмөнкү көрсөткүч. Андан тышкары, доллардын баасы өстү, киреше түштү, баа көтөрүлдү. Мындай абал экономикага чоң сокку болду. Буга биринчиден, пандемия, экинчиден, саясый туруксуздуктун таасири чоң. Азыр иштеген ишканалардын кирешеси 50%га төмөндөдү. Мунун кесепети айлык маянага жана жумушсуздукка чоң түрткү болот. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер