Садыр Жапаровдун “сыйкырдуу чайын” ичкендер өзгөрүп кетишүүдө. Эмне үчүн?

Президенттик шайлоого аттангандардын арасынан Садык Шернияз, Турсунбай Бакир уулу Садыр Жапаровдун “сыйкырдуу чайын” ичишкенден кийин эле айнып кетишип, талапкерлигин алып салышкан. Командага кошулушуп, колдоого алышып. Дагы да бир топтору Садыр Жапаров менен жолугууга жазылышып, күтүп атышканын эшиттик. Башта Бабанов да кезигип, сүрөткө түшүп, учурда жактап жүрөт... Ал эми “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” ж.б. партиялар менен депутаттыкка аттангандардын басымдуу көпчүлүгү “мекенчилдердин” терисин жамынышканы, аймактарда “Садырлап” ураан салып жүрүшкөндөрү күлкүнү келтирүүдө. Кызык эй, Садыр Жапаров менен бир жолу “чай ичкендер” 180 градуска бурулуп кетишүүдө. Деги эмне сыры бар эле?
Айтмакчы, талапкерлерден Канатбек Исаев, Адахан Мадумаров, Каныбек Иманалиев, Равшан Жээнбеков, Абдил Сегизбаев, Клара Сооронкулова, Бакыт Калмаматов сыяктуу артка кайтпастар “чай ичүүдөн” баш тартышса, башкалары араң эле турушабы?..
Aryba.kg