Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аманбол Бабакулов: “Баткендиктер үйлөрүн жертөлөсү менен бекем курдуруп берүүнү суранышууда”

Аманбол Бабакулов: “Баткендиктер үйлөрүн жертөлөсү менен бекем курдуруп берүүнү суранышууда”

01-октябрь, 12:00
924 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Аманбол иним, кечээ эле Баткен тараптан келдиң. Өз көзүң менен эмнени көрүп, кандай баамдадың?

-- Баткен жергесинде үч күн болдум. Толугу менен үч айыл жок болуп кеткендей таасир калтырды. Тажик тарап эң ириде мектеп, бала бакча, айылдык медпунктарга чабуул кылышыптыр. 

-- Элдери менен жолугуп, сүйлөшө алдыңбы?

-- Негизинен ошол жок болуп кеткен, үйлөрү өрттөнгөн, мал чарбасы тонолгондор менен жолукканымда, алар дале коркуу сезимде экенин байкадым. Эч кимиси ынанымдуу жооп айта алышпады. Болгону айыл өкмөтү “тажиктер бизде эч бир курал жок экенин билип алышып, куралчан кирип келип, короодогу мал-жандыктарын тоноп алып кетип атышат. Эгер бизге курал берип койсо, биз аларды атпасак деле, куралчан экенибизди билишсе мындай кыйроого туш болбойт элек” деп билдиришти. 

-- Эл эмнеге муктаж экенин айтыштыбы?

-- Бул жактан барган азык-түлүк, материалдык жардамдар менен толук камсыз болуп атышыптыр. Ал жагынан көйгөй жоктугун өз көзүм менен көрдүм. Азыр гуманитардык жардамдар толугу менен катталып, ошол тизме менен жетип атканына ынандым. Былтыркы кезде жетпей калган учурлар болгон. Эң негизгиси, алар “биздин бир гана көйгөй бар: үйлөрүбүздү бекем материалдан салып беришсин. Мурунку курулган “финский” үйлөр кышкысын суук, жайкысын ысык болчу. Алардын баары тажиктердин бир түшкөн минометтун огуна жарабай калды. Азыр үй куруп бере турган болсо, ар бир үйдү жертөлөсү менен куруп беришсин” деп атышат.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер