Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирустан акыретке кеткен адамдан ачык кат

Коронавирустан акыретке кеткен адамдан ачык кат

28-июль, 14:00
656 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Фейсбук колдонуучу Замира Жантаева «Акыретке кеткен адамдан ачык кат» деп бүгүнкү күндөрдөгү өлүм себебин жазган.

“Аттиң арман! Сайган чырпыктарымдын чынар терек болгонун көрбөй, сайган бутактарымдын мөмөлүү дарак болгонун көрбөй, арманда кеттим. Наалат тийгир илдет, сен мени алып тындың!

Андагы жаным кыйналганын сөз менен жеткирип берүү кыйын. Үч күн бою биздин “тез жардамга” жардам сурап чалып жаттык, күндүзгү стационарга барышымды, “тез жардам” бригадасы жетишпей жаткандыгын айтышты. Балдарым салып алып, ар кайсы бейтапканаларды кыдырып жаттык. Эч бир жерде орун жок, айла жок күндүзгү стационарга алып барып капельница куюп жатышты. Абалым оорлой берди, акыры бейтапканага жатканга мүмкүнчүлүгүбүз болбогондугуна байланыштуу ыктыярчы балдарды чакырып, кычкылтек аппаратына кошушту. Аттиң ай, жан татуу экенин, АБА адамга алтындан да кымбат экенин мен ошондо сездим. Ал аппараттар мага болгону 12 саат гана жардам бере алды. Сатурация 70тен көтөрүлбөй калганда айлабыз кетип, балдарым жалдырап, ботодой боздоп, менин акыбалымды түшүндүрүп атып, “тез жардам” чакырышты. “Тез жардам” кызматкерлери сатурация аппаратта жатканда 70 болуп, андан алса түшүп кеткенин түшүндүрүп атсак дагы, кычкылтеги жок машина жибериптир. Саат 11де түшкөн “тез жардам” машинасы менен кычкылтеги жок 4 саат шаар ичин кыдырып, бир да орун таба албадык. Аттиң ай, ошондогу жанымдын кыйналганын, аба жетпей тумчукканымды жалгыз Алла Таалам жана кызым сезип турду! Акыры эч бир орун таппаганыбыздан Аламүдүн-1деги №38 мектептеги стационарга барып жаттым. Ал жактан менин кебетемди, акыбалымдын өтө оор экенин көргөн кайдыгер эмес адамдар ар кайсы инстанцияга чалып жатышты. Акыры Гансиге орноштурарын билип, балдарым абдан сүйүнүштү. Ал жерден акы төлөнүүчү “тез жардам” унаасы менен кечке маал Гансиге алып жөнөштү. Ал жерде да “орун жок” деп бир сааттай туруп калдык. Акыры мэриянын кийлигишүүсү менен жаттым. Киргизгенде таңкалычтуусу, жарым корпус бош экен, бирок тил кыска, эмне дейбиз? Мага 21:00дө сайылуучу дарылар түнкү саат 3тө сайылды. Ошентип мен шалаакылыктын курмандыгы болдум. Эртеси абалым өтө оор болуп, денемде өлүмдүн белгилери болгон тактар пайда боло баштады. Ошондо тызылдап реанимацияга жөнөштү, а бирок баары кеч болуп калган..

Аттиң арман! Бейиштин эшиктери ачык болгон, күндөрдүн султаны болгон жума күнү менин жанымдын ээси болгон затка кайттым. Артымда балдарым калды, айтылбай арманым калды... Аттиң, өз чөнтөгүн толтурган, өз керт башын ойлогон бийликке айткым келди: кепиндин чөнтөгү жок экен, жылаңач келип, жылаңач кетет экенбиз. Мендей болуп эч бир жан кор болбосун, ар бир жан өлүмдүн даамын татуучу!”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер