Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Маймыл чечеги Араб өлкөлөрүнө жетип, Батыш карантин киргизе баштады

Маймыл чечеги Араб өлкөлөрүнө жетип, Батыш карантин киргизе баштады

25-май, 19:49
626 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бириккен Араб Эмирлигинде маймыл чечегинин алгачкы учуру катталды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип РИА Новости жазды.

"БАЭге Батыш Африкадан келген 29 жаштагы аялдан маймыл чечеги аныкталган. Ал азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө" деп айтылат макалада.

Буга чейин Чехия бийлиги инфекциянын биринчи учуру катталганын жарыялаган. Европанын бир катар өлкөлөрү жугуштуу оорунун көбөйүшүнө байланыштуу 21 күндүк карантин киргизишүүдө.

Бельгиянын бийлиги дагы оорулуулар үчүн үч жумалык милдеттүү карантин киргизди. Өлкөдө маймыл чечегине чалдыккан төрт киши бар, дагы бир нече факт такталууда.

Маймыл чечеги – сейрек кездешүүчү вирустук инфекция, ал адамдарга да жугушу мүмкүн. Бул адатта жеңил оору болуп саналат жана жуктуруп алган адамдардын көбү бир нече жуманын ичинде айыгып кетишет. Бирок кээ бири кыйналышы мүмкүн. Адистер маймыл чечегин жыныстык жол менен жугуучу инфекция деп эсептебейт. Анткен менен оорулуу адам менен жакын байланышта болгондор жугузуп алышы мүмкүн.

Оорунун алгачкы белгилерине ысытма, баш оору, булчуңдардын оорушу, белдин оорушу, лимфа бездеринин шишип кетиши, чыйрыгуу жана чарчоо кирет. Көбүнчө беттен башталып, дененин башка бөлүктөрүнө исиркектер чыгат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун акыркы маалыматы боюнча, учурда дүйнө жүзүндө 130 адам бул илдет менен күрөшүүдө.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер