Акыркы кабарлар
» Саясат » Депутат Динара Исаеванын кыз-келиндер күрөшүнө эмгеги сиңдиби?
Депутат Динара Исаеванын кыз-келиндер күрөшүнө эмгеги сиңдиби?
17-октябрь, 01:52
1 412 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргыз балбан кыздары дүйнөлүк чемпионаттарда кайсы гана шаарларда күч сынашпасын, аларды ээрчип алган Данияр Үсөновдун мурдагы аялы Динара Исаеваны көрөбүз. Коштоп жүргөнү жакшы дечи, бирок канчалык деңгээлде жардамы тийип атат? Бул боюнча коомчулукта анчейин маалымат жок. Же Динара Исаева кыз-келиндер күрөш федерациясын ээлеп алып, “саякатчы бака” сыңарындай жер шарын айланууну максат кылганбы? Эң миллионер депутаттардын катарындагы айымдын демөөрчүлүк, меценаттык иштерин билесиңерби? Жообун угуп койсок ашыктык болбос эле. Жалган жашоодогу байлыкты, мүлктөрдү эч ким тиги дүйнөгө алып кеткен эмес да.
"Азия Ньюс" гезити