Жээнбек Кулубаев – алсыз министр!

Буга чейин баамдап келатабыз. Качан гана мигранттар мончодон тепки жешсе, кордолсо, же ушул сыяктуу кандайдыр бир оор шарттарда азапка калышса, элибиз дуулдап нааразычылыгын билдирип чыкмайынча ТИМ үн катпай отуруп келет го? Лакапка айлангандай, түштөн кийин гана козголот. “Айдатма жетекчилер” арбыганын ушундан билебизби? Көңүл коштук да...
Жакында “Маарифке” айландырган “Сапат” мектебинин мугалими Азамат Нурматов окуучуларды Түркияга олимпиадага алпарып, ошол жактан камакка алынды. Кыргыз коомчулугу тынчсызданып, чоң талкуулар жаралды. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев мындайда ыкчам аракетин көрсөтпөй, элдин суроо-талабынан кийин гана орун басарын жооп бердирди го? “Камчылап” турбаса иштебейби? Аныгында, Азамат Нурматовду Түркиянын күч органдары “Гүлен” уюмуна байланыштырып, өздөрүнүн кызыкчылыгына карата камаптыр. ТИМ биздин мугалимдин укугун коргошу керек эле. Алсыздык катары кетенчиктебей. Туурабы? Бул боюнча Жээнбек Кулубаев түрк кесиптеши менен сүйлөшүп, натыйжалуу ийгиликке жетсе болмок. Азамат Нурматовду канчалык деңгээлде коргоп жатканы коомчулукка белгисиз. Арзыбаган сөздөрдү орун басарына айттырып, жоопкерчиликтен качкандай мамиле жасадыбы? Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевдин тыңгылыктуу аракеттерин да байкай алган жокпуз. Табиятынан жанбакты чиновник эле, жеке жыргалчылыгы үчүн жүрөбү? Түшүнүксүз. Айтор, дээрлик кыргыз жарандары кабылган трагедиялар, кыйынчылыктар арбып баратат, ал эми дипломаттарыбыз кайдыгерликте мамиле жасап келишеби?
Соңку убакта чет өлкөдө ак жеринен кармалган, камакка алынган, кордолгон кыргыз мигранттары арбын. Тийешелүү өлкөлөрдөгү элчиликтер качан гана чуу чыкканда, талаптар коюлганда иштебесе, ага чейин “көзүм көрбөсө көчүгүмдү бөрү жесин” таризинде жата беришкени кандай? “Балык башынан сасыйт” демекчи, министр Жээнбек Кулубаев реалдуу иштебей, эптеп эле президентке жагуунун амалын жасап, ал эми ишмердиги боюнча жымсалдап, көз жазгырып келеби? Дыкат баа бере турган мезгил келди.
"Азия Ньюс" гезити