Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кар үстүндө төрөлгөн акын

Кар үстүндө төрөлгөн акын

25-октябрь, 18:30
491 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Якут-саха адабиятынын классиги Семён Данилов 1955-57-жылдары Москвадагы адабият институтунун жогорку курсун бүтүргөн. Союз учурундагы адабият залкарлары Расул Гамзатов, Кайсын Кулиев, Давид Кугультинов, Мустай Карим, Заки Нурилер менен бир деңгээлдеги замандаш, калемдеш. Якутиянын Жазуучулар союзун Семен Петрович Данилов жетектеп турган 17 жыл “якут адабиятынын алтын доору” деп аталат. Анткени, ал ошол учурда жаштар менен системалуу түрдө көп иш жүргүзгөн. Учурундагы якут адабиятынын орус тилине которулушуна чоң салымын кошкон, башка республикалар менен тыгыз байланыштарды түзгөн. Анын эң зор эмгеги болуп, якут адабиятынын алгачкы классиктеринин “буржуазиялык улутчулдук” деп тыюу салынган эмгектерин мурас катары кайра элге кайтарып бергени эсептелет. Кулаковский, Алампа, Неустроевдердин чыгармалары өз элине кайтарылып гана берилбей, бүткүл союздук деңгээлге көтөрүлгөн. Көп тилдерге которулган. 

Семен Петрович Даниловдун поэзиясы өз эли-жерин, каада-салттарын, адамдарынын жандүйнөсүн терең ачып берген философиялык мааниси терең ырлар. Андыктан Якутияда өтүүчү белгилүү кышкы адабий фестиваль анын “Кар” аттуу ырынын «Кар береке төккөндө» деген бир сабы менен аталат жана ал туулуп-өсүп жашаган жерлерге барып ыр окуу менен коштолот. 

Мага бул адабий фестивалга Якутия-Саха Жазуучулар союзунун төрайымы Наталья Харлампьева атайын чакыруу жибериптир, жолго авиабилеттери менен. Буюрса барып катышып келейин деп атам. Бул болсо ошол фестивалдын эң башкы темасы болгон ыр сабынын толук тексти. Кыргыз тилине алгач которулду. Бул ыр аркылуу якут-саха элинин ким экендигин, кандай экендигин, жеринин шартын толук билсек болот. 

Бул ырды биздин белгилүү классик акыныбыз Турар Кожомбердиевдин “Мен тоолордо төрөлгөм” аттуу ыры менен салыштырып да карасак болот. Эки элдеги руханий жакындык жана өзгөчөлүк абдан таасын чагылдырылганы даана байкалат. 

Семен Данилов (1917-78-жылдар) Якут эл акыны, РСФСРдин М.Горький атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Польша Эл Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1977-ж.).


Ак кар

Мен түндүктөн болгонго,

Коркутпайт кар-борошо – 

Төрөлгөм кар үстүндө,

Себелеп бир өзгөчө, 

Кар береке төккөндө.

Таштап тунгуч кадамым,

Карда тамтуң баскамын.

Кар бетине из салып,

Билимге алгач шашкамын.

Көктөн жаап бакытым,

Көк жаратты тагдырым,

Маанай жаркып балкыдым,

Карда баардык бак-кутум.

Кар кубанып сабалайт,

Мен жөнөймүн талаалап,

Күрткү кечип күдүңдөп,

Сүйлөшөмүн үзүм кеп,

Жолдорум да узун, тек.

Кулун сымал кишенеп,

Кадамымдан эч калбайт,

Обон салат изим төп. 

Ырдап ак кар эч талбайт,

Туш тарабымдан курчап,

Аппак кылып тазалайт.

Качпайм кардан күчөсө – 

Себелеп бир өзгөчө, 

Берекесин төккөндө,

Төрөлгөм кар үстүндө!


Алтынай Темирова, акын, драматург, котормочу 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер